Юриспруденция кафедрасы кабарлайт

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде «Жарандардын конституциялык укуктарын коргоодо: Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ролу» аттуу темада юриспруденция кафедрасы тарабынан Жалал-Абад шаардык прокуратурасы менен биргеликте тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Жала-Абад шаарынын прокурорунун жардамчылары: Джусупов Н.Р., Алибаев Н.Н.,  кафедранын окутуучулары жана студенттер катышышты. Жарандардын конституциялык укуктарын коргоодо прокуратуранын ролун жогору баалоого жана бул ар бир адамдын укугу үчүн күрөштүн башында турган орган. Ал эми биз мамлекетибизде эркиндикти, адилеттүүлүктү жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу үчүн бул ролду сактоого жана бекемдөөгө милдеттүүбүз. Тегерек столдо коноктордун баяндамалары жана студенттер тарабынан узатылган суроолорго жооп кайтарылып, жолугушуу студенттерге кызыктуу өттү.

Юриспруденция кафедрасы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *