ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин бүтүрүүчүлөр кечеси жөнүндө

 

Үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (Жалал-Абад ш., ЭАУ) жыйындар залында ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин бүтүрүү кечеси болуп өттү. Аталган колледждин бүтүрүүчүлөрүн университеттин ректораты жана колледждин дирекциясы куттуктап, келечектеги кесиптик ишмердигинде ийгиликтерди каалашты. Салтанаттын жүрүшүндө ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору колледждин таланттуу студенттеринин катышуусунда концерттик программа тартуулады. Бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери бүтүрүү кечесинин ЭАУнун мыкты салттарында уюштурулгандыгын белгилешти. Кошумчалап кетсек, ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинде «Дарылоо иши», «Медайым иши», «Фармация», «Акушердик иш» адистиктери боюнча адистер даярдалат. ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжине кош келиңиздер!

 

______________

О выпускном вечере Международного медицинского колледжа МНУ

18 июня этого года в большом актовом зале Международного университете имени К.Ш. Токтомаматова (г. Жалал-Абад, МНУ) состоялся выпускной вечер Международного медицинского колледжа МНУ. Выпускников Международного медицинского колледжа поздравили и пожелали успехов в будущей профессиональной деятельности ректорат университета и дирекция колледжа. В ходе торжества Культурно-эстетический центр МНУ представил концертную программу с участием талантливых студентов колледжа. Выпускники и их родители высоко оценили праздничную организацию торжества в лучших традициях МНУ. Стоит отметить, что в названном медицинском колледже МНУ готовят специалистов по специальностям «Лечебное дело», «Сестринское дело», «Фармация», «Акушерское дело». Добро пожаловать в Международный медицинский колледж МНУ!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *