ЭАУда ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫ!

 

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Билим күнүнө жана жаңы 2024-2025-окуу жылына арналган салтанаттуу чогулуш өткөрүлдү. Салтанат Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, университеттин ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөевна Кантөрөева жана профессор-окутуучулар курамы студенттерди Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга билим алууда ийгиликтерди каалашты. ЭАУнун бардык студенттерине жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалайбыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

______________

 

В МНУ НАЧАЛСЯ НОВЫЙ УЧЕБНЫЙ ГОД!

 

2 сентября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) провели торжественное собрание в честь Дня знаний и начала нового 2024-2025 учебного года. На открытии торжественного собрания прозвучал гимн Кыргызской Республики, после чего ректор университета, д.э.н., профессор Айжамал Кантороевна Кантороева и профессорско-преподавательский состав поздравили студентов с началом нового учебного года, а также пожелали им успехов в учебе. Желаем всем студентам МНУ успехов в новом учебном году!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *