ЭАУда берүү кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу түрдө белгиленди!
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) 5-октябрь – Билим берүү кызматкерлеринин күнүн салтанаттуу түрдө белгиленди. ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана колледжинин дирекциясы менен биргеликте майрамдык концерттик программаны тартуулашты. Программа боюнча куттуктоолор менен бирге шаңдуу ырлар жаңырып, бир катар улуттардын бийлери аткарылып, майрамдык сахналаштыруулар, видеолор көрсөтүлдү, тамашалуу сынак оюндар уюштурулду. Кесиптик майрам ЭАУда адаттагыдай жолгорку деңгээлде белгиленди! Майрамыңыздар менен, кымбаттуу кесиптештер!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
_____________
В МНУ торжественно отметили День работников образования!
В Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) торжественно отметили День работников образования – 5 октября. Культурно-эстетический центр совместно с дирекцией Международного Кыргызско-Турецкого института и колледжа МНУ представили праздничную концертную программу, состоящую из поздравлений, эстрадных песен, танцев ряда народов, праздничного юмора и штуливых игровых конкурсов. Профессиональный праздник в МНУ традиционно отметили на высоком уровне! С праздником, дорогие коллеги!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ