ЭАУнун студенттеринин спорттук ийгиликтери жөнүндө | О спортивных успехах студентов МНУ

ЭАУнун студенттеринин спорттук ийгиликтери жөнүндө

 

Үстүбүздөгү жылдын 1-7-ноябрь күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында XV Өспүрүмдөр, жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында каратэ боюнча дүйнө чемпионаты, XV Балдар арасында каратэ боюнча чемпионат да өткөрүлдү. Аталган чемпионаттарга 23 өлкөдөн 2511 спортчу катышкан, анын ичинде Кыргызстандан да. Жалпы командалык эсепте I орунду Казакстандын, II орунду Россиянын, III орунду Кыргызстандын спортчулары ээледи. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) магистратурасынын «Юриспруденция» багыты боюнча магистранты Абдыкалык кызы Малика -65 кг салмагында 18 жаштан жогорку аялдар арасындагы командалык кумитеде III орун алды. Магистрантыбыз Маликаны аталган спорттук ийгилиги менен куттуктайбыз жана ага албан-албан ийгиликтерди, мындан жогору жеңиштерди каалайбыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

_____________

 

О спортивных успехах студентов МНУ

 

В столице Узбекистана городе Ташкенте с 1 по 7 ноября этого года был проведен XV Чемпионат мира по каратэ среди кадетов, юниоров, взрослых и ветеранов, а также XV Чемпионат мира по каратэ среди детей. В названных чемпионатах приняли участие 2511 спортсменов из 23 стран мира, в том числе и из Кыргызстана. В общекомандном зачёте I место завоевали спортсмены Казахстана, II — России, III — Кыргызстана. Магистрантка I курса по направлению «Юриспруденция» магистратуры Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Абдыкалык кызы Малика заняла III место в весовой категории -65 кг в командном кумите среди женщин старше 18 лет. Поздравляем нашу магистрантку Малику и желаем ей новых высоких побед!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *