ЭАУда 2025-ЖЫЛДЫН 16-ЯНВАРЫНДАГЫ КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ, УКМКнын ТӨРАГАСЫ К.К. ТАШИЕВДИН ЖОГОРКУ ЖАНА ОРТО КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН БОЛГОН ЖОЛУГУШУУСУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА ӨТКӨРҮЛГӨН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШ ЖӨНҮНДӨ
2025-жылдын 21-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында жамааттын жалпы чогулушу өткөрүлүп, анда 2025-жылдын 16-январында Бишкек шаарындагы УКМК Академиясында КР Министрлер кабинетинин биринчи орун басары, УКМКнын төрагасы К.К. Ташиевдин КР Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, университеттердин ректорлору, колледждердин жана кесиптик лицейлердин директорлору менен болгон жолугушуусу тууралуу маалымат берилип, тийиштүү чакыруулары угузулуп, атайын видео материалдар көрсөтүлдү. Коомчулукка белгилүү болгондой, аталган жолугушууда жогорку жана орто кесиптик билим берүү тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо маселелери каралып, андан арылуу боюнча тийиштүү чакыруулар болду. ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор А.К. Кантөрөева аталган жалпы чогулушта окуу жай боюнча коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, болтурбоо боюнча иш-аракеттерди күчөтүү, иштиктүү аракеттерди колго алуу маселелерин козгоп, бул багытта бир катар тапшырмалардын иш жүзүнө ашырылышын милдеттендирди.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы