ЭАУда ӨТКӨРҮЛГӨН ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ЖАНА ЖАШТАР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ АЛКАГЫНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУда ӨТКӨРҮЛГӨН ЖОЛ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ЖАНА ЖАШТАР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ АЛКАГЫНДА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жолду көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Т.М. Саидов, Жалал-Абад шаарындагы бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны А.А. Сатыбалдиев ж.б. кызматкерлери жол эрежелери боюнча, жаңы талаптар нугунда окуу жайдын кызматкерлери жана студенттери үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Түшүндүрүү иштеринде видео-фото материалдар көрсөтүлүп, жол кыймылынын эрежелерин камтыган маалымдамаларды таркатышты. Коомчулукка маалым болгондой, Кыргыз Республикасында жол коопсуздугун көзөмөлдөө маселелерине учурда өлкө башчысы тарабынан кылдат көңүл бурулуп, талаптар күчөтүлүүдө.
Ушул эле күнү Жалал-Абад областынын прокуратурасы юстициянын полковниги Т.К. Ишеналиевдин жетекчилигинде бир катар мекемелер менен биргеликте (милиция, сот, окуу жайлар ж.б.) мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары үчүн К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “Мыкты өспүрүм – жаркын келечек!” жумалыгы алкагында окуу жай менен тааныштыруу, кесиптик багыт берүү мазмунунда атайын жолугушууну уюштурду. Жолугушуунун катышуучуларынын пикири боюнча иш-чара кызыктуу жана пайдалуу болуп, бир катар окуучулар университетте, анын колледждеринде окумакчы болушту. Жаштарды кесиптик билимге, адал эмгекке үндөө — коомчулуктун милдети!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *