ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ!
23-25-май 2025-жылы Индиянын Нью-Дели шаарында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты болуп өттү. Аталган чемпионатка К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары), ошондой эле ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин студенттери катышышты. «Педагогика» багыты боюнча 3-курстун студенти Феруза Курстанбек кызы 75 кг салмагында жана 2-курстун «Башталгыч класстарда окутуу» адистигинин студенти Мадина Кожоярова 55 кг салмагында III орундардарды ээлешти. Белгилей кетсек, Феруза менен Мадина алыш күрөшү боюнча республикалык, эл аралык биринчиликтердин, чемпионаттардын жана универсиадалардын бир нече жолку байге ээлери болуп саналат. Биздин студент кыздарыбызды чын жүрөктөн куттуктайбыз жана аларга спорт жаатында албан-албан ийгшиликтерди каалайбыз! Биз силер менен сыймыктанабыз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
____________
СТУДЕНТКИ МНУ ПРИЗЕРЫ ЧЕМПИОНАТА АЗИИ ПО БОРЬБЕ НА ПОЯСАХ «АЛЫШ»!
23-25 мая 2025 года в г. Нью-Дели Индии состоялся Чемпионат Азии по борьбе на поясах «Алыш». В названном чемпионате приняли участие и студентки Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Джалал-Абад), а также его Гуманитарно-экономического колледжа МНУ. Студентка 3-го курса по направлению «Педагогика» Феруза Курстанбек кызы в весовой категории 75 кг и студентка 2-го курса по специальности «Преподавание в начальных классах» Мадина Кожоярова в весовой категории 55 кг заняли III места. Стоит отметить, что Феруза и Мадина являются неоднократными призерами республиканских, международных первенств, чемпионатов и универсиад по борьбе на поясах «Алыш». Поздравляем наших студенток и желаем им новых высоких побед! Мы гордимся вами!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ