ЭАУда ӨРТ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда ӨРТ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА МАШЫГУУЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

 

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу  Өрттү көзөмөлдөө  кызматынын Жалал-Абад областтык жана Жалал-Абад шаардык жетекчилиги тарабынан өрт учурунда аткарылуучу ыкчам кыймыл-аракеттер (маалымдоо, дүрбөлөң, эвакуация, өрт өчүрүү, куткаруу, медициналык жардам ж.у.с.) боюнча тактикалык машыгуулар өткөрүлдү. Машыгууларда кызматкерлердин жана студенттердин окуу жай имараттарынан ыкчам эвакуацияланышы каралды. Эвакуация ректорат тарабынан уюштурулган өзгөчө кырдаалдарда  аракеттенүүчү атайын топтордун көзөмөлүндө жана жардамында жүргүзүлдү. Машыгууларда кырсыктардан жапа чеккендерге биринчи медициналык жардам берүү аракеттери да көрсөтүлдү. Аталган машыгуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу  Өрттү көзөмөлдөө  кызматынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын жана Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн бекитилген мерчемдерине ылайык өткөрүлдү. Машыгуулар учурунда аныкталган айрым кемчиликтер ЭАУ ректораты тарабынан эске алынып, жогоруда аталган кызматтын көрсөтмөсүнө ылайык жоюлат. Машыгуулардын негизги максаты ошол: өрт коопсуздугун камсыздоо, тийиштүү аракеттерге даярдыкты камсыз кылуу, кемчиликтерди болтурбоо. ЭАУ ректораты, профессор-окутуучулар курамы Өрттү көзөмөлдөө  кызматынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы полковник М.К. Токтосуновго жана Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы майор А.И. Закировго, кызматкерлерине машыгууларды сапаттуу уюштурганы, кеп-кеңештери, камкордугу үчүн терең ыраазычылык билдиришет!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *