ЭАУнун САМАРКАНД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун САМАРКАНД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-октябрь күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары боюнча проректору, п.и.к., проф. Т.Т. Омошев, илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, саяс.и.к., доц. А.С. Калиевдин жетекчилигиндеги делегациясы Самарканд мамлекеттик университетине (СМУ) барып, аларды СМУнун проректору, ф.и.д., проф. А.Р. Ахатов, география жана табигый ресурстар кафедрасынын башчысы г.и.д., проф. Р.И.Мамажанов, философия жана социалдык-саясий илимдер кафедрасынын башчысы ф.и.д., проф. А.Р. Самадов, ф.и.к., проф. Т. Маматов жылуу тосуп алышты. Түзүлгөн келишимдердин алкагында илимий-изилдөө, илимий-практикалык конференцияларды, конок лекцияларды бирге уюштуруу, академиялык мобилдүүлүк алкагында тажрыйба алмашуу багытттары боюнча кызматташуулар каралды. Муну менен бирге, «Борбордук Азия мамлекеттеринин интеграциялык мамилелери” жана “Кыргызстандын тарыхы, кыргыз философиясы: кечээ жана бүгүн” аталыштарында конок лекциялар өтүп, пикир алмашуулар болду. ЭАУ учурда Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып, илим-билим жаатында эки мамлекеттин достугун жигердүүлүк менен бекемдөөдө.

Илим, аспирантура жана докторантура бөлүмү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *