К.Ш.ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ «ЮРИДИКАЛЫК КЕСИПТИ ТАНДАГАН ЖАШТАР ҮЧҮН ЗАМАН ЧАКЫРЫКТАРЫ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ» АТТУУ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

К.Ш.ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ «ЮРИДИКАЛЫК КЕСИПТИ ТАНДАГАН ЖАШТАР ҮЧҮН ЗАМАН ЧАКЫРЫКТАРЫ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ» АТТУУ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) чоң жыйындар залында 2025-жылдын 28-октябрында «Юридикалык кесипти тандаган жаштар үчүн заман чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү» аттуу конференция университеттин юридикалык кафедралары (башчылары ю.и.к., ЭАУ проф. К.К. Юлдашев, Н.О. Тойгонбаева), Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгынын Коомдук коопсуздук кызматы, Манас шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн Спутник кичи шаарчасы боюнча аймактык бөлүмчөсү менен биргеликте өткөрүлдү. Аталган конференцияда аталышы алкагында милициянын бир катар кызматкерлери, юридикалык кафедралардын профессор-окутуучулар курамы, «Юриспруденция» багытында билим алган студенттер кызыктуу баяндамалары менен тааныштырышып, бир катар талкуулар болду. Жалпысынан конференция абдан мазмундуу жана кызыктуу өтүп, бир катар видео-фото көрсөтүүлөр, практикалык материалдар менен коштолду. ЭАУ ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда мындай конференциялар укук коргоо органдары жана жогорку окуу жайлар ортосунда жаштарга укуктук таалим-тарбия берүүдө кызматташтыкты бекемдейт, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатат.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *