К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ӨТКӨРҮЛГӨН «ЖАҢЫ МУУНДАГЫ МУГАЛИМ — КЕЛЕЧЕКТИН КАЛЫПТАНДЫРУУЧУСУ» ТЕМАСЫНДА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) жыйындар залында үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында «Жаңы муундагы мугалим — келечектин калыптандыруучусу» темасында семинар «Педагогика» багытында, «Башталгыч класстарда окутуу» адистиги боюнча билим алган студенттер үчүн педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасы тарабынан (башчысы А.С. Кетирекеева) уюштурулду. Семинарда тема боюнча окуу-усулдук материалдарды сунуштоо, мектептерде иштөөдө тажрыйбасы менен бөлүшүү, кеп-кеңештерди берүү университеттин дасыккан профессор-окутуучулар курамы, орто мектептерде иштеген тажрыйбалуу мугалимдер тарабынан жүргүзүлдү. Семинардын соңунда студенттер келечектеги кесиби боюнча бир катар суроолорду уюштуруучуларга узатышып, пайдалуу жоопторду, кеп-кеңештерди алышты. Жалпысынан аталган семинар абдан мазмундуу жана кызыктуу болду.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы.










