К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте “Санариптик өзгөрүүлөр жана адам капиталы: келечеги жана заман чакырыктары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында VI Токтомаматов окуулары алкагында “Санариптик өзгөрүүлөр жана адам капиталы: келечеги жана заман чакырыктары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Илимий чөйрөгө, жогорку кесиптик билим берүү тармагына, экономика боюнча адистерге, коомчулукка белгилүү болгондой, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент Академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматов эгемендүү Кыргыз Республикасында базар экономикасын окуу-изилдөө негиздерин түзгөн алгачкы илимпоздордун, жетекчилердин бири. Муну менен бирге, Кантөрө Шарипович жалпы КМШ өлкөлөрүндө, Кыргыз Республикасы боюнча алгачкы мамлекеттик эмес окуу жайдын негиздөөчүсү жана туңгуч ректору. Кантөрө Шариповичтин илим-билим жаатындагы салымын эске алуу менен ушул окуу жайда бир нече жылдардан бери Токтомаматов окуулары, алардын алкагында илимий конференциялар өткөрүлүп келет. Айтылган конференцияга Кыргыз Республикасы менен бирге Америка Кошмо Штаттарынан, Россия Федерациясынан, Япониядан, Түркиядан, Германиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Чехиядан илимпоздор, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү жана адистер чакырылган, жалпысынан 150 катышуучу. Учурда санарипештирүүгө олуттуу көңүл бурулуп, муну менен бирге, көңүл чордонунда адам капиталы да орчундуу маселелерден болууда. Ушул себептер менен аталган конференцияда санариптештирүү, ага байланыштуу жараяндар, адам капиталы маселелери каралды. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналында жарыяланат.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы




















