ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Илимге умтулган муун” аттуу интеллектуалдык оюн жөнүндө

ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Илимге умтулган муун” аттуу интеллектуалдык оюн жөнүндө

 

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) жыйындар залында “Илимге умтулган муун” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Аталган оюн ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасы тарабынан уюштурулуп, “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча студенттердин арасында өткөрүлдү. Оюндун жыйынтыктары боюнча байгелүү орундар төмөнкү тартипте бөлүндү: 1-орун – “Устаттар уясы” – ПНК-3-9-24 тайпасы; 2-орун – “Интеллект лидер” – ПНК-1-9-24 тайпасы; 3-орун – “Мыкты муун” – ПНК-2-9-24 тайпасы. Катышуучулардын жана күйөрмандардын пикири боюнча оюн абдан кызыктуу болду. Оюн менен бирге окуу жайдын башкы имаратынын фойесинде студенттердин өздөрү тарткан көркөм сүрөттөрдүн көргөзмөсү да уюштурулду. Оюндун жана көргөзмөнүн байгелүү орундарынын ээлерине атайын сыйлык дипломдор тапшырылды. Педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасынын башчысы Анара Кетирекееванын айтуусунда мындай акыл таймаш оюндары, оюндар натыйжасындагы ийгиликтер студенттердин кесиптик билимге болгон активдүүлүгүн арттырат.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *