ЭАУда Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын кесиптик күнүнө жана 101 жылдыгына арналган “Мыйзам баарына бирдей” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

ЭАУда Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын кесиптик күнүнө жана 101 жылдыгына арналган “Мыйзам баарына бирдей” аттуу интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын кесиптик күнүнө жана 101 жылдыгына арналган иш-чаралар алкагында “Мыйзам баарына бирдей” аттуу интеллектуалдык оюн окуу жайдын юриспруденция кафедрасы тарабынан уюштурулду (кафедра башчысы ю.и.к., ЭАУ профессору Кабылжан Юлдашев, уюштуруучулар улук окутуучу Элвира Кулуева, окутуучу Алмашай Качкынбаева). Аталган интеллектуалдык оюнга Жалал-Абад областынын прокурору, юстициянын полковниги  Турусбек Ишеналиев, Жалал-Абад областынын Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Марлис Асанов жана бир катар укук коргоо органдарынын кызматкерлери мейман катары чакырылды. Интеллектуалдык оюн негизинен укуктук маселелер боюнча жүрүп, ага  университеттин “Юриспруденция” багыты, университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Укук таануу” адистиги боюнча студенттери катышышты. Оюнда укук масенлелери боюнча суроо-жооптор болуп, студенттер даярдаган фото-видео материалдар көрсөтүлдү. Кызуу атаандаштыкта өткөн оюндун жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкү тартипте бөлүштүрүлдү: 1-орун – “Мыйзамдуулук гвардиясы” командасы, 2-орун – “Көзөмөл” командасы, 3-орун – “Римдик 12 таблица мыйзамдары” командасы, 4-орун – “Укук ээлери” командасы. Орундарына ылайык командаларга сыйлыктар берилип, мактоолор айтылды. Университеттин ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет “Юриспруденция” багытында билим алуунун сапатын камсыздоодо прокуратура, сот, милиция мекемелери менен ар дайым тыгыз кызматташтыкта болуп, бириккен иш-чараларды дембе-дем өткөрүп турат.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *