ЭАУдагы САХНАЛАШТЫРУУЛАР ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында ЭАУнун жыйындар залында радикалдаштыруунун жана зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча «Угулбай калган үн» аттуу спектакль университеттин юриспруденция кафедрасы (башчысы ю.и.к., ЭАУ проф. К.К. Юлдашев) тарабынан «Эл аралык толеранттуулук» фонду (өкүлү А. Жумабаева) менен биргеликте коюлуп, коомчулуктун назарына тартууланды. Спектакльди ЭАУнун «Юриспруденция» багыты боюнча студенттери аткарышты. Спектакльге студенттер менен биргеликте бир катар коомдук уюм-мекемелердин, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышышты. Спектакль тематикасы боюнча абдан кызыктуу жана тарбиялык мазмунда болду.
ЭАУнун юриспруденция кафедрасы




