3-ДЕКАБРЬ – МАЙЫПТАР КҮНҮНӨ КАРАТА ЭАУнун ЖАРДАМЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбдөгү жылдын 3-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) эмгек жамааты 3-декабрь – Кыргызстанда Майыптар күнүнө карата Манас шаарындагы Көзү азиздер жана кереңдер кыргыз коомуна 20 миң сом накталай акча түрүндө жардам берди. Акчалай жардамды университеттин ректораты атынан аталган мекеменин кызматкерлерине ЭАУнун Кесиптик кошуун комитетинин төрагасы, доцент Уланбек Абдыкулов тапшырды. ЭАУ ректораты жана профессор-окутуучулар курамы жогорудагы жардамдан сырткары майып жана багар-көрөрү жок студенттерге окуу акысы, жатакана акысы жагынан да жардам бере тургандыгын кошумчалап кетебиз. ЭАУ ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Манас шаарынын мэриясы жана башка уюм-мекемелер уюштуруп келген майыптарды, багар-көрөрү жокторду материалдык, моралдык колдоо боюнча иш-чараларына дайыма жигердүү катышат. Коомубуздун аяр катмарларына жардам берүү, колдоо – мамлекеттин, коомчулуктун милдети!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы




