ЭАУнун СТУДЕНТИ АРУКЕ АКИБАЕВАНЫН АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун СТУДЕНТИ АРУКЕ АКИБАЕВАНЫН АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

 

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Алыш күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөрүлгөн чемпионатта К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин “Педагогика” багыты боюнча сырттан окуудагы 3-курсунун студенти, спорт чеберине талапкер Аруке Акибаева 65 кг салмагында байгелүү II орунду ээледи. Эскертип кетсек, Аруке Акибаева буга чейин да бир катар эл аралык жана республикалык биринчиликтерде байгелүү орундарды ээлеп келген. Кошумчалап кетсек, Арукенин машыктыруучулары университетибиздин бүтүрүүчүсү, алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк, эл аралык жана республикалык мелдештердин бир нече жолку чемпиону, жеңүүүсү, эл аралык класстагы спорт чебери Нурбек Аканов жана бир катар дүйнөлүк, эл аралык, республикалык мелдештердин бир нече жолку жеңүүчүсү, аралык класстагы спорт чебери Чыңгыз Аканов – өлкө сыймыктанган спортсмендер, машыктыруучулар, спорт жаатындагы абройлуу ишмерлер. Студентибиз Арукеге мындан жогору жаңы спорттук ийгиликтерди каалайбыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *