ЭАУнун НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ, ТУҢГУЧ РЕКТОРУ К.Ш. ТОКТОМАМАТОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУнун НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ, ТУҢГУЧ РЕКТОРУ К.Ш. ТОКТОМАМАТОВДУН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) окуу жайдын негиздөөчүсү, туңгуч ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, Аймактык Менеджмент Академиясынын академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматовдун жаркын элесине арналган Волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен областтарынын, Өзбекстан Республикасынын Андижан областынын жогорку окуу жайларынын эркек студенттеринин командалары жана кадырлуу меймандар катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Манас шаарынын мэриясынын, областтык жана шаардык спорттук уюм-мекемелердин жетекчилери, өкүлдөрү чакырылды. Мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды төмөнкү командалар ээлешти: 1-орун – Ош Мамлекеттик университети; 2-орун – К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет; 3-орун – Жалал-Абад Мамлекеттик университети. Байгелүү орундарды ээлеген командаларга жана мыкты оюнчуларга ЭАУ ректораты тарабынан кубок, бир катар сыйлыктар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди. Тарбия иштери боюнча проректор, фил.и.к., проф. Анвар Жолдошбаевдин айтуусунда ЭАУнун туңгуч ректорунун элесине арналган спорттук мелдештерди өткөрүү окуу жайдын жакшы салттуу иш-чараларынын бири болуп калган. Аталган мелдешти ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасы, “Ден соолук” спорт клубу уюштурушту, кафедра башчысы, спорт клубдун жетекчиси доцент Урматбек Амиракулов. Катышуучулардын пикири боюнча мелдеш абдан жогорку жана сапаттуу деңгээлде уюштурулган. Кошумчалап кетсек, мелдеш алдында университеттин спорт залы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, спорттук жабдыктары да жаңыланды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *