ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ | В МНУ СТАРТОВАЛА СПАРТАКИАДА ПРОФЕССОРСКО-ПРЕПОДАВАТЕЛЬСКОГО СОСТАВА И СОТРУДНИКОВ

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 26-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин спартакиадасы салтанаттуу ачылыш менен башталды. Аталган спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт: волейбол, стритбол, жеңил атлетика, стол тенниси, чатыраш, эстафета, гирялык спорт, аркан тартышуу, тогуз коргоол жана бильярд, уюштуруучу: дене тарбия жана спорт кафедрасы, башчысы доцент У.Б. Амиракулов. Кесиптик кошуун комитетинин төрагасы, доцент У.А. Абдыкулов айткандай, мындай спартакиадаларды өткөрүү ЭАУ үчүн салттуу иш-чаралардан болуп калган. Бул күндөрү окуу жайдын бардык кызматкерлери спорт аянттарында болуп, шаңдуу спорт майрамын белгилешет, натыйжада ден соолук, спорт жана ынтымак чогуу жеңишке ээ болушат. ЭАУнун окутуучуларына жана кызматкерлерине сергек жашоо ыңгайын үгүттөөдө ийгилик, ден соолук жана күч-кубат каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
_____

В МНУ СТАРТОВАЛА СПАРТАКИАДА ПРОФЕССОРСКО-ПРЕПОДАВАТЕЛЬСКОГО СОСТАВА И СОТРУДНИКОВ

26 января этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Манас) с торжественного открытия стартовала спартакиада профессорско-преподавательского состава и сотрудников. Названная спартакиада проводится по таким видам спорта, как волейбол, стритбол, легкая атлетика, настольный теннис, шахматы, эстафета, гиревой спорт, перетягивание каната, тогуз коргоол (настольная национальная игра), бильярд, организатор: кафедра физической культуры и спорта, заведующий доцент У.Б. Амиракулов. Как отметил председатель профсоюзного комитета У.А. Абдыкулов, проведение такой спартакиады стало доброй спортивной традицией МНУ. Спартакиада МНУ – коллективный спортивный праздник вуза, в конце которой к победе приходят здоровье, спорт и дружба. Желаем преподавателям и сотрудникам МНУ успехов, здоровья и силы в пропаганде здорового образа жизни!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *