ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕГИ КЕСИПКӨЙЛӨРДҮН КОНОК ЛЕКЦИЯЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүдөгү жылдын 2-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Гуманитардык-экономикалык колледжинин педагогика жана окутуу усулуяты кафедрасы (башчысы Анара Кетирекеева) тарабынан “12 жылдык билим берүү. “Алтын казык” программасы” темасында конок лекция “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча билим алган студенттер үчүн уюштурулду. Лектор: Сузак районунун №6 Токтосун Темирбаев атындагы орто жалпы билим берүү мектебинин мугалими, кесипкөй Элвира Орозалиева. Лекция учурдагы Кыргыз Республикасында мектептердеги реформаларга арналып, 12 жылдык орто билим берүү маселелерин түшүндүрүү иштери менен байланышкан. Аталган лекция тематикасы боюнча абдан мазмундуу жана актуалдуу болуп, студенттердин чыныгы кызыгуусун жаратты. Лекциянын аягында студенттер менен лектордун ортосунда суроо-жооптор болду, бир катар маселелер такталды, түшүндүрмөлөр берилди. ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинде, директору PhD, доц. Авакан Улан уулу айткандай, адистерди даярдоодо заман талаптарына жана сапат маселелерине, иш берүүчүлөр менен тыгыз байланыштарга олуттуу көңүл бурулат. Ушул маанилүү нерселерге ылайык окуу жай маал-маалы менен бир катар багыттар боюнча кесипкөйлөрдү максаттуу чакырып, конок лекцияларын уюштурат. Эскертип кетсек, аталган колледжде экономикалык, педагогикалык, юридикалык жана техникалык-технологиялык багыттарда бир катар адистиктер боюнча орто кесиптик билим берүү жүргүзүлөт. ЭАУда Гуманитардык-экономикалык колледж менен бирге бир нече жылдан бери Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжи жана Эл аралык медициналык колледж да орто кесиптик билими бар адистерди 9-11 класс билими негизинде даярдашат.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы










