Должность: Зав.кафедрой экономики и экономических исследований
Образование: Высшее
Научная степень: к.э.н., доцент
Тел: +996 773-102-394
E-mail: bolot.atakanov@gmail.com
История кафедры
“Экономика” кафедрасы 2000-жылдын 25-октябрында ректордун №33 буйругу менен негизделген жана билим берүү, илимий-изилдөө, усулдук жана практикалык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзгөн. Билим берүү министринин 18.11.2003-жылдагы №1012 \ 1 буйругу менен бекитилген
" Экономика жана ишкананы башкаруу" жана “Уюм менеджменти” адистиктери боюнча Мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү стандартыны ылайык күндүзгү жана сырттан окуган студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга окутуу жүргүзгөн, кадрларды кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга, региондун илимий жана өндүрүштүк маселелерин чечүүгө катышышкан. Университеттин түзүмү 03.09.09 № 04-ОК буйругунун негизинде кайра түзүлүп жаткандыгына байланыштуу "Экономика менеджмент жана укук" кафедрасы, "Экономика" жана "Бизнес жана укук" кафедраларынын базасында 2013-жылы түзүлгөн. Кафедра башчысы болуп экономика илимдеринин кандидаты, доцент М.Д Кочкорбаева эмгектенген.
Кафедралар иштеген мезгилде 2000ден ашуун "Экономика жана ишканаларды башкаруу” жана “Уюм Менеджменти", "Экономикадагы маалыматтык тутумдар", "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу", "Бажы иши" адистиктери боюнча кадрларды даярдап чыгарган, алардын көпчүлүгү учурда адистиги боюнча иштеп жатышат жана экономиканын ар кайсы чөйрөлөрүндөгү ишканаларда жана бажы органдарында, ошондой эле Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн ишканаларында жетекчилик кызматтарда эмгектенишет. Университеттин бүтүрүүчүлөрү түштүк аймагынын дээрлик бардык жогорку окуу жайларында иштешет, алардын айрымдары экономикалык илимдердин кандидаты жана доктору илимий даражаларына ээ болушкан. 2019-жылы жогорудагы аты аталган кафедралардын негизинде ректордун 13.06.2019-жылдагы №114 буйругу менен "Экономика жана экономикалык изилдөөлөр" кафедрасы болуп кайрадан түзүлдү. Кафедра башчысы болуп экономика илимдеринин кандидаты, доцент Атаканов Болотбек Курманбаевич дайындалып иш алып барууда. Учурда кафедра “Экономика жана ишканаларды башкаруу” профили боюнча бакалаврларды жана “Экономика”, “Менеджмент” багыттары боюнча магистрларды даярдап жатат.