Жалпы маалымат

ЖАШ МУУНДАРДЫН КЕСИПТИК КЕЛЕЧЕК ДОЛБООРУНА

К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык Университет

Жогорку кесиптик билим берүү тармагында чейрек кылымдан ашык

эл аралык мамилелер, экономика, менеджмент, юриспруденция, интернет технологиялары, туризм, педагогика, филология (бакалавриат, магистратура, аспирантура ж/а колледждер)

К.Ш.Токтомаматов

ЭАУнун тарыхынан:

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет 1993-ж. 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен (жарлык №VII-100, 1993-ж. 1.04.) Жалал-Абад Кооперативдик техникумунун жана Жалал-Абад Кооперативдик училищесинин базасында түзүлгөн. Алгач Жалал-Абад Коммерциялык институту деп ачылган. Кийин Экономика жана ишкердик академиясы, Экономика жана ишкердик университети деп аталып келген. ЭАУнун туңгуч ректору, президенти экономика илимдеринин доктору, профессор, РМА академиги Кантөрө Шарипович Токтомаматов болуп, ал адам окуу жайдын ачылышына, турукталышына жана өнүгүүсүнө зор жеке салымын кошкон. 2018-жылдан бери окуу жай К.Ш. Токтомаматов атындагы

С.А.Омурзаков

Эл аралык университет деп аталат. Алгачкы бакалавр академиялык даражасындагы бүтүрүүчүлөр 1997-жылы  чыгарылып, бүгүнкү күнгө чейин 16 миңден ашык адис даярдалып (университетте 11 миң, колледждеринде 5 миң), Кыргыз Республикасынын жана жакынкы, алыскы чет мамлекеттердин ар кандай тармактарында, багыттарында (эл аралык мамилелер, экономика, финансы, бизнес, укук коргоо, өндүрүш, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү тутуму, туризм ж.б.) жетекчи, адис катары ийгиликтүү иштешүүдө. Азыркы күндө ЭАУнун ректору экономика илимдеринин доктору, профессор, РМА академиги Сатыбалды Ашымович Өмүрзаков – экономика илимине эмгек сиңирген илимпоз, тажрыйбалуу педагог жана мыкты жетекчи.

ЭАУнун жогорку кесиптик билим берүүгө укуктары, эл аралык сыйлыктары, эл аралык уюмдарга мүчөлүгү, дипломдору:

ЭАУ алгачкы күндөрүнөн ишмердигин бардык тийиштүү лицензиялар, аттестациялар жана аккредитациялар негизинде жүргүзүп келген. Азыркы мезгилде ЭАУ бардык багыттары, адистиктери боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку жана орто кесиптик билим берүүгө укугун тастыктоочу лицензияларга толук түрдө ээ: LC№150000547 (2015-ж.), №LD170000840 (2017-ж.), №LD180000352 (2018-ж.), №LS180001345 (2018-ж.), №LS190001414 (2019-ж.), №LS190001429 (2019-ж.) ж.б., о.э. бир катар көз карандысыз аккредитациялык агенттиктердин аккредитацияларынын өтүп, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агеттигинин сертификаттарын 2018-2020-жылдары алган, алар: №VK180000045, №VK190001304, №VU190000179, №VK190000595, №VK190000601, №VK190000586 ж.б. Мындан сырткары, ЭАУнун ишмердиги, дипломдору бир катар эл аралык уюм-мекемелер тарабынан таанылат (Европа Биримдиги, КМШ, Түркия).  ЭАУ жана анын

жетекчилиги Россия Федерациясынын Москва шаарындагы Өнөр-жайчылардын жана ишкерлердин, бизнес, илим жана маданият лидерлеринин эл аралык конгрессинин, Европалык Бизнес Ассамблеясынын “MILLENIUM AWARD” (“Миң жылдыктын сыйлыгы”), “INTELLECT OF NATION” (“Улут интеллекти”) эл аралык сыйлыктары менен сыйланган. ЭАУ дүйнөнүн 750 жогорку окуу жайын бириктирген Университеттердин Улуу Хартиясынын мүчөсү.  ЭАУнун бүтүрүүчүлөрүнө КМШ өлкөлөрүндө таанылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүсүндөгү жана Түркия Республикасынын үлгүсүндөгү (түрк, англис тилдеринде) дипломдорду берет, о.э. чет өлкөлөрдө иштөө үчүн Европа Биримдигинин  уюм-мекемелеринин талабына ылайык англис тилинде расмий европалык тиркеме да берилет.

Сапат, материалдык-техникалык база, коррупцияны алдын алуу механизмдери, кадрдык курам, коопсуздук:

ЭАУнун ишмердиги “Сапаттуу билим – келечекке айкын жол!” урааны менен жүргүзүлөт. Бардык иш-аракеттерин бириктирүүчү мазмун: “Билим берүүдө, илимде, экономикада гармония!”.

          Албетте, ушул ураанга жана мазмунга ылайык ЭАУнун бардык бөлүмдөрү талаптагыдай иш алып барышат. Муну менен бирге, ЭАУда билим берүү сапатын көзөмөлдөө жана камсыздоо, аккредитация бөлүмү максатуу иш алып барат. Окуу процессинде сабактар, окутуучулар, студенттик курам, экзамендер боюнча маалымат ачык-айрым болушу, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн ЭАУда AVN окуу процессин автоматташтырылган башкаруунун маалыматтык системасы иштейт. Коррупциянын алдын алуу боюнча атайын комиссия да иш алып барат.

 ЭАУнун студенттик шаарчасы 31миң 718 чарчы метр аянтты ээлейт. Мындан сырткары, Арстанбап туристтик аймагында 3 миң 250 чарчы метр аянты бар. Студенттик жатакана 250 орундук, студенттик шаарча коопсуздук кызматы тарабынан көзөмөлдөнөт. Компьютерлер саны: 275; проекторлор, интерактивдик такталар: 21; принтерлер: 62 даана. ЭАУнун китепканалык фондунда 90 миң окуу китептери, окуу колдонмолору жана кошумча адабият. ЭАУнун Борбордук китепканасында электрондук китепка кызматын пайдаланса болот. Окуу имараттарында интернет байланышы бар, Wi-Fi орнотулган. Бардык аянттар видео байкоого алынган. ЭАУнун профессор-окутуучулар курамында 200 ашык кызматкер, анын ичинен илимдер доктору, илимдер кандидаты, PhD окумуштуулук даражаларына, профессор жана доцент окумуштуулук наамдарына 40 кызматкер ээ.

ЭАУнун негизги структуралык бөлүмдөрү:

±Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институту; ±Эл аралык Кыргыз-Түрк институту жана колледждер: ±Гуманитардык-экономикалык колледж; ±Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжи; ±Эл аралык Медициналык колледж; ±Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейи; ±“Бэмби” мектепке чейин таалим-тарбия берүү борбору.

Муну менен бирге, университетте кыска мөөнөттүү кесиптик курстар, айдоочулар мектеби бар.

Багыттар, профильдер жана адистиктер:

- жогорку кесиптик билим – “Эл аралык мамилелер” (“Тышкы экономикалык байланыштар жана эл аралык кызматташтык”), “Экономика” (“Финансы жана кредит”, “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл”, “Ишкана экономикасы жана башкаруу”), “Менеджмент” (“Уюм менеджменти”), “Юриспруденция”, “Интернет технологиялар жана башкаруу”, “Туризм”, “Педагогика” (“Педагогика жана башталгыч билим берүү усулдары”), “Филологиялык билим берүү” (кыргыз / орус / түрк тили жана адабияты), “Дене тарбия”;

- орто кесиптик билим (колледждер) – бухгалтер, финансист, банк кызматкери, салыкчы, юрист, менеджер, башталгыч класстардын мугалими, англис тил мугалими жана котормочу, дене тарбия мугалими, социалдык кызматкер, медициналык айым, фармацевт, акушер, фельдшер, о.э. туризм, мейманкана, унааларда ташуулар, коомдук тамактануу, тигилүүчү буюмдардын технологиялары, маалыматтык технологиялар боюнча адистер даярдалат.

ЭАУда “Экономика”, “Менеджмент”, “Юриспруденция” багыттары боюнча магистратура, экономикалык жана юридикалык адистиктер боюнча аспирантура бар.

Окутуу формалары: күндүзгү, сырттан. Окутуу тилдери: кыргыз, орус, түрк жана англис тилдери. Окутуу келишимдик негизде  (акы төлөп).

Дарек, байланыш каражаттары: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад шаары, “Спутник” кичи району, Жеңижок көч.-30;

тел.: +996 3722 51811, 51687, уюлдук тел.: +996 778 200877, +996 777 613659;

web-сайт: www.mnu.kg ; эл.почта: info@mnu.kg