Проректор по науке

Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор

Омошев Тологон Тенирович

Туулган жери, жылы, айы, күнү

1958-жылдын 24-майында Жалал-Абад областындагы Сузак районуна караштуу Калмак-Кырчын айылында туулган

 

Улуту

Кыргыз

 

Жашаган дареги

Жалал-Абад шаары, М.Авасбеков к. 7/1

 

Телефон номери

+996772339934

 

Электрондук дареги

tolomo@mail.ru

 

Илимий даражасы

Педагогика илимдеринин кандидаты

 

Илимий наамы

Профессор

 

Билими жана эмгек тажрыйбасы

1975-жылы Сузак районундагы №17 Тоголок Молдо (азыркы О.Тажибаев) атындагы орто мектепти аяктаган.

1976-жылы Ош шаарындагы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна (азыркы ОшМУ) математика адистиги боюнча физика-математика факультетине окууга тапшырып, аталган окуу жайды  1980-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган.

1980-жылы Ош мамлекеттик университетиндеги физика-математика факультетинин матанализ кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолун баштаган.

1981-жылы Армения Республикасынын борбору Ереван шаарында Программалоо адистиги боюнча Алгоритм эсептөө борборунан үч айлык стажировкадан өткөн.

1982-1983-жылдары Москва шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы университеттин механика-математика факультетиндеги матанализ кафедрасында бир жылдык стажировкада  стажер-окутуучу болуп иштеген.

Стажировкадан кийин Ош мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинде эсептөө математикасы кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолун уланткан.

1986-1989-жылдары Москва шаарындагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык университетине күндүзгү бөлүмгө аспирантурага тапшырып, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Россия билим берүү академиясынын академиги, Россия илимдер академиясынын академиги В.Л.Матросовдун жетекчилиги астында математика адистигинин методикасы боюнча илимий ишин жазган.

1995-жылы 13.00.02-“Математиканы окутуунун методикасы”  адистиги боюнча Бишкек шаарындагы Билим берүү академиясында илимий ишин ийгиликтүү коргоп, педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон (09.11.1995ж. Протокол №8к-1/6, диплом ИКД №001147).

1990-1993-жылдары Ош мамлекеттик университетинде окутуучу, ага окутуучу болуп информатика кафедрасында ишин уланткан.

1993-жылы Жалал-Абад шаарында жаңы ачылган Коммерциялык институтка (азыркы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет) ага окутуучу болуп ишке которулган.

Ал эми 1995-2010-жылдары аталган окуу жайда Информатика кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.

2001-жылы Педагогика адистиги боюнча Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан доцент деген илимий даражасын алган (25.10.2001 ж. Протокол №8дц-2/7, диплом ДЦ №000648).

1997-1999-жылдары Жалпы теориялык жана гуманитардык билим берүү факультетинин деканынын орун басары, ал эми 1999-2013-жылдары Экономика, менеджмент жана информациялык технологиялар факультетинин деканы болуп иштеген.

2007-жылы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин окумуштуулар кеңешинин чечими менен профессор илимий наамына ээ болгон (23.03.2007 ж. Протокол №5, диплом дп №004).

2013-2016-жылдары К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык-билим берүү технологиялары боюнча проректор болуп эмгектенген.

2016-2019-жылдары аталган окуу жайда Окуу-маалымат департаментинин директору болуп эмгектенген.

2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин аталган окуу жайда илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык-билим берүү технологиялары боюнча проректору болуп эмгектенип келе жатат.

Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктары

-1999-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы”;

-2003- жылы Кыргыз Республикасынын “Билим берүүсүнүн мыктысы” наамы;

-2005-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Ардак грамотасы”;

-2006-жылы Жалал-Абад областтык администрациясынын “Ардак грамотасы”;

-2009-жылы Экономика жана ишкердик университетинин “Ардак грамотасы”;

-2012-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Алкышы”;

-2016-жылы Кыргыз кооперациясына 90 жылдыгы медалы;

-2016-жылы Кыргыз Республикасынын ардактуу инсандар коомдук бирикмесинин “Ардактуу аксакалы” ордени;

-2017-жылы “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамы;

-2017-жылы Казак Республикасынын Регионалдык Менеджмент Академиясынын мүчө-корреспонденти;

-2017-жылы Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин “Ардак грамотасы”.

-2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы;

-2018-жылы “К.Ш Токтомаматов атындагы университетке 25 жыл” төш белгиси;

-2018-жылы “К.Ш. Токтомаматов атындагы университетке эмгек сиңирген ишмер” медалы;

-2018-жылы “ЭАУнун негиздөөчүсү, тунгуч ректору жана президенти, э.и.д., профессор, РМА академиги К.Ш.Токтомаматов” медалы;

-2018-жылы Кыргыз Республикасынын “БАКТЫНУР продюссердик борбору” коомдук фондунун “Мыкты жетекчи” төш белгиси;

-2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси;

-2019-жылы “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу” наамыны.

Үй-бүлөлүк абалы

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.