Кафедранын кыскача тарыхы жана учуру
1993-жылдын 1-апрелинде КРдин Президентинин Жарлыгы менен Жалал-Абад коммерциялык институту түзүлгөндөн кийин, 1994-жылы эң алгач “Бухгалтердик эсеп, аудит жана каржы” кафедрасы түзүлгөн. Кийин 2000-жылдын 1-июнунда аталган институттун ректору К.Ш. Токтомаматовдун №19 буйругунун негизинде ал кафедра кайрадан “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” деп аталган.
1994-1998-жж. кафедра экономика илимдеринин доктору, профессор Арзыбаев Атабек Алибекович тарабынан негизделип жана жетектелген.
Андан кийин кафедраны жетектегендер:
1998-2006-жж. экономика илимдеринин доктору, профессор Омурзаков Сатыбалды Ашымович;
2006-2008-жж. экономика илимдеринин кандидаты, профессор Ормонов Нурбек Аккозович;
2008-2018-жж. экономика илимдеринин доктору, профессор Маткеримова Анаркан Маткасымовна.
Учурда, 2018-жылдын сентябрынан баштап кафедраны экономика илимдеринин кандидаты, доцент Жанузаков Болотбек Шакыевич жетектеп келет.
Кафедранын негизги максаты ар кандай экономикалык тармактардын талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат.
Кафедрада “Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит” профили боюнча бакалаврлар, магистрлар жана аспиранттар даярдалат. Кафедранын профессор-окутуучулук курамында э.и.д., профессор -3, э.и.к., профессор -1, э.и.к., доцент – 6, о.э. 1 лаборант эмгектенет.
Кафедранын окумуштуулары экономика багытындагы доктордук жана кандидаттык Диссертациялык кеңештин мүчөлөрү.
Кафедранын профессор-окутуучулары мобилдүүлүк программасы алкагында чет өлкөдөгү (Польша, Россия, Украина, Казахстан, Таджикистан, Узбекистан) университеттер, академиялар менен тажрыйбаларын өстүрүү максатында лекциялык окууларды жүргүзүшөт жана илимий-практикалык конференцияларга катышып турушат. Ошондой эле, окутуучулардын илимий эмгектери чет элдин эл аралык көргөзмөлөрүндө, конкурстарында жана конференцияларында байгелүү орундарга ээ болуп келет.