ЭАУда ӨТКӨРҮЛГӨН “МАНАС” – ЭЛДИК МУРАС!” АТТУУ ИШ-ЧАРА ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) чоң жыйындар залында “Манас” – элдик мурас!” аттуу маданий программа тартууланып, аны менен бирге ушул эле темада тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш-чарага 250 студент катышты, о.э. иш-чарага бир катар жогорку окуу жайлардын, уюм-мекемелердин өкүлдөрү  катышты, алардын ичинде Жалал-Абад Мамлекеттик университетинен филол.и.д., профессор И. Абдувалиев, филол.и.д., профессор К. Калчакеев, Заманбап Эл аралык университеттен филол.и.к., доцент А. Алымкулов, Кыргыз Республикасынын Манасчылар ассоциациясынан манасчы А. Маатов. Иш-чаранын программасынын алкагында “Манас” дастанынан үзүндүлөр айтылып, видео тасмалар көрсөтүлүп, дастан боюнча сахналаштыруулар тартууланды, о.э. бир катар баяндамалар берилип, “Манас” дастаны боюнча талкуулар, ой бөлүшүүлөр болду. Айтылган иш-чаранын материалдары окуу жайдын “ЭАУ жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналында жарыяланат. Иш-чара ЭАУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган, кафедра башчысы филол.и.к., доц. Д.И. Алтаева.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

78 View