ЭАУда “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АДАМ УКУКТАРЫНЫН АКТУАЛДЫК КӨЙГӨЙЛӨРҮ” АТТУУ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Илимий изилдөөлөр , иштелмелер жана инновациялар борборунда офлайн жана онлайн тартибинде “Кыргыз Республикасында адам укуктарынын актуалдык көйгөйлөрү” аттуу конференция өткөрүлдү. Конференция ЭАУнун жарандык укук жана жараян кафедрасы менен Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыял Токтобаева тарабынан уюштурулган. Аталган конференцияга ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы менен бирге БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), Жалал-Абад областынын Ички иштер башкармалыгынын, АКИpress малыматтык агенттигинин, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин, Базар-Коргон райондук сотунун кызматкерлери, өкүлдөрү катышты. Конференцияда темага ылайык бир катар көйгөйлүү маселелер айтылып, баяндамалар окулуп, талкуулар болуп өттү. Айтылган конференциянын материалдары окуу жайдын “ЭАУ жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналында жарыяланат. Жалпысынан бул конференция мыкты уюшкандыкта өткөрүлүп, көптөгөн уюм-мекемелердин, укукчулардын башын бириктирип, адам укуктарын коргоодо өз салымын кошту десек болот.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

98 View