К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттеринин курама командасы Кыргыз Республикасында 2019-жыл – аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына арналган республика боюнча жогорку окуу жайлардын арасындагы универсиадада төмөнкү жеңиштерге ээ болду:
— кыргыз күрөшү боюнча 2-лигада – 1-орун (мелдеш Бишкек шаарында өткөрүлдү);
— эркектер арасында волейбол боюнча 1-лигада – 3-орун (мелдеш Ош шаарында өткөрүлдү);
— эркин күрөш боюнча 1-лигада – 3-орун (мелдеш Ош шаарында өткөрүлдү).
Универсиада азырынча аяктай элек, дагы байгелүү орундар күтүлүүдө. ЭАУнун профессор М.А. Таштанов жетектеген дене тарбия жана спорт кафедрасынын агай-эжекелерине, ЭАУ студенттеринин курама командасына албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
ЭАУнун Кесиптик билим берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы
_______________________________
Добрые вести со спортивных побед МНУ!
Студенческая сборная команда Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ) заняла следующие призовые места на Универсиаде среди вузов Кыргызской Республики, посвященной 2019 году – году развития регионов и цифровизации страны:
— кыргызская национальная борьба, 2 лига – 1 место (в г. Бишкек);
— волейбол среди мужчин, 1 лига – 3 место (в г. Ош);
— вольная борьба, 1 лига – 3 место (в г. Ош).
Универсиада еще не завершена, и поэтому мы ждем еще новых побед. Желаем профессорско-преподавательскому составу кафедры физической культуры и спорта МНУ под руководством профессора М.А. Таштанова, а также студенческой сборной МНУ новых успехов, новых побед!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ