ЭАУнун ЖАМААТЫ ЖАЛПЫ ШААРДЫК ИШЕМБИЛИККЕ АКТИВДҮҮ КАТЫШТЫ!

Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жамааты Жалал-Абад шаарынын жалпы шаардык ишембилигине активдүү катышты. Ишембилик “Жалал-Абад” санаторийине жанаша аймакта өткөрүлдү. Ишембиликтин демилгечилери Жалал-Абад областтынын жана шаарынын жетекчилиги болду. Бул иш-чарага шаардын көптөгөн уюм-мекемелери катышты, анын ичинде ЭАУнун профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери. ЭАУнун агай-эжекелери санаторий жайгашкан дөңсөөнүн түштүк-батыш жагындагы тескей тарапты таштандылардан тазалашты. “Жалал-Абад” санаторийинин айлана-тегереги бир топ тазаланып, эс алуучулар үчүн жагымдуу көрүнүшкө келди. Мекен жайыбызды көрктөндүрөлү, урматтуу жалалабаддыктар!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


КОЛЛЕКТИВ МНУ ПРИНЯЛ АКТИВНОЕ УЧАСТИЕ В ОБЩЕГОРОДСКОМ СУББОТНИКЕ!

17 апреля сего года на территории, прилегающей к санаторию «Жалал-Абад», состоялся общегородской субботник, инициированный Жалал-Абадским областным и городским руководством. В названном субботнике, вместе с другими учреждениями, принял участие и коллектив Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад). Профессорско-преподавательский состав и сотрудники МНУ убрали мусор с юго-западного склона холма, где расположен санаторий. Благодаря субботнику территория, прилегающая к санаторию «Жалал-Абад», стала чище и приятней. Благоустроим наш город, уважаемые жалал-абадцы!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

153 View