О НОВОГОДНЕМ СТУДЕНЧЕСКОМ ВЕЧЕРЕ МНУ

27 декабря сего года в ресторане «Жалал-Абад» состоялся новогодний студенческий вечер Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад). Новогодний студенческий вечер был организован Комитетом по делам молодежи МНУ. По программе новогоднего вечера перед студентами выступили молодые эстрадные певцы, танцевальные группы, вечер вела пара отличных ведущих-юмористов, которая организовала различные веселые конкурсы и игры с призами, в числе которых сотовые телефоны. Спонсором выступило ОсОО «Нур Телеком» — крупнейший оператор мобильной связи Кыргызстана О! («Ошка»). Студенты МНУ весело провели праздничный вечер, отлично потанцевали, похвалили праздничное угощение. В целом новогодний вечер студентов МНУ удался. Спасибо Комитету по делам молодежи! Желаем всем студентам МНУ отлично встретить Новый год!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИНИН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК КЕЧЕСИ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 27-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) студенттеринин жаңы жылдык кечеси “Жалал-Абад” ресторанында өткөрүлдү. Аталган жаңы жылдык кечени ЭАУнун Жаштар иштери боюнча комитети уюштурду. Программа боюнча жаңы жылдык кечеде ЭАУ студенттеринин алдында жаш эстрада ырчылары заманбап ырларды ырдап, бий топтору бир катар бийлерди аткарып, кечени эки шайдоот-тамашакөй жигиттер алып барышты. Кеченин жүрүшүндө кызыктуу жана тамашалуу оюндар, сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөрүнө сонун сыйлыктар берилди. Кеченин демөөрчүсү “Нур Телеком” ЖЧКсы — Кыргызстандын уюлдук байланыш боюнча эң ири оператору О! (“Ошка”) болуп берди. ЭАУ студенттери бул жаңы жылдык кечени абдан жакшы өткөрүшүп, сонун бийлеп, жаңы жылдык дасто рконду да мактап кетишти. Жалпысынан ЭАУ студенттеринин жаңы жылдык кечеси ойдогудай болду. Ал үчүн Жаштар иштери боюнча комитетке чоң рахмат! ЭАУнун бардык студенттерине Жаңы жыл майрамын жакшы тосуп алышын каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

82 View