СТУДЕНТ МНУ РУСТАМБЕК УУЛУ НУРАДИН ЗАНЯЛ II МЕСТО НА ЧЕМПИОНАТЕ АЗИИ ПО БОКСУ U-22 СРЕДИ ЮНОШЕЙ И ДЕВУШЕК!

С 22 по 30 января 2022 года в столице Республики Узбекистан в г. Ташкент был проведен Чемпионат Азии по боксу U-22 среди юношей и девушек, в котором приняли участие 109 боксеров из 16 стран континента. Студент 3-го курса дневного обучения по направлению «Юриспруденция» Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Рустамбек уулу Нурадин в названном чемпионате занял II место в весовой категории 71 кг. Напомним, что Рустамбек уулу Нурадин до этого был бронзовым призером молодежного чемпионата Азии, чемпионом Кыргызской Республики и победителем, призером ряда других международных, республиканских соревнований по боксу. От имени ректората, профессорско-преподавательского состава и студентов МНУ поздравляем Рустамбек уулу Нурадина и желаем ему новых высоких спортивных побед!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТИ РУСТАМБЕК УУЛУ НУРАДИН БОКС БОЮНЧА УЛАН-КЫЗДАР АРАСЫНДАГЫ U-22 АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА II ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ!

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) күндүзгү окуудагы “Юриспруденция” багыты боюнча 3-курс студенти Рустамбек уулу Нурадин Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 2022-жылдын 22-30-январь күндөрү бокс боюнча улан-кыздар арасында өткөрүлгөн U-22 Азия чемпионатында 71 кг салмагында II орунду ээледи. Аталган чемпионатка континенттин 16 өлкөсүнөн 109 мушкер катышкан. Эске салсак, Рустамбек уулу Нурадин буга чейин Азиянын жаштар арасында бокс боюнча чемпионатынын коло медалы менен сыйланып, о.э. Кыргыз Республикасынын чемпиону жана бир катар эл аралык, республикалык мелдештердин жеңүүчүсү, байгелүү орундарынын ээси болуп келген. ЭАУнун ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери атынан Рустамбек уулу Нурадинди чын жүрөктөн куттуктайбыз, мындан ары да жогорку деңгээлдеги жаңы спорттук ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча кызматы

113 View