13 сентября сего года в ректорате Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) торжественно встретили и поздравили Курстанбек кызы Ферузу – обладательницу серебряной медали Первенства мира по борьбе на поясах среди юношей и девушек 15-17 лет (в весовой категории 70 кг), проведенного 5-7 сентября 2021 года в г. Казань Российской Федерации. Нпомним, что Курстанбек кызы Феруза является студенткой 3 курса по специальности «Преподавание в начальных классах» Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова! При этом стоит отметить, что ректорат МНУ перед первенством спонсировал ее поездку, а также предоставил льготы в оплате за обучение на новый 2021-2022 учебный год. Желаем Ферузе новых блестящих спортивных побед! Так держать!

Ректорат МНУ


ЭАУнун СТУДЕНТИ КУРСТАНБЕК КЫЗЫ ФЕРУЗА АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨНҮН ВИЦЕ-ЧЕМПИОНУ!

Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) ректоратында Россия Федерациясынын Казан шаарында 2021-жылдын 5-7-сентябрында өткөрүлгөн Алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликтин 15-17 жаш курагындагылар арасында, 70 кг салмагында күмүш медалга ээ болгон Курстанбек кызы Ферузаны салтанаттуу тосуп алышып, спорттук ийгилиги менен куттукташты! Курстанбек кызы Феруза К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча 3-курсунун студенти! Кошумчалап кетсек, аталган биринчилик алдында ЭАУ ректораты аны Казан шаарына узатууда демөөрчү болуп, жаңы 2021-2022-окуу жылына окуу акысынан жеңилдик берген. Ферузага мындан ары да албан-албан спорттук ийгиликтерди каалайбыз! Ийгилик үстүндө гана жүрсүн!

ЭАУ ректораты

118 View