СТУДЕНТЫ МНУ ПО НАПРАВЛЕНИЮ «ЮРИСПРУДЕНЦИЯ» ЗАНЯЛИ II МЕСТО В МЕЖВУЗОВСКОЙ КВИЗ-ИГРЕ ПО ПРАВОВЫМ ВОПРОСАМ

15 декабря сего года студенты 2-3 курса по направлению «Юриспруденция» Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) заняли II место в межвузовской квиз-игре* на тему гарантированной государственной юридической помощи, организованной Фондом Сороса, Кыргызской Государственной юридической помощью, Национальной сетью НПО за развитие государственной гарантированной юридической помощи в Кыргызской Республике, Общественным Фондом «Человек, право, свобода». В названной игре приняли участие команды из 15 вузов республики. Поздравляем студентов МНУ с призовым местом и желаем им новых побед!

*Квиз (с англ. Quiz) — онлайн-опрос, тест, викторина.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУнун “ЮРИСПРУДЕНЦИЯ” БАГЫТЫ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕРИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР АРАСЫНДАГЫ УКУКТУК МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА АКЫЛ ТАЙМАШ ОЮНУНДА II ОРУНДУ ЭЭЛЕШТИ

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) “Юриспруденция” багыты боюнча 2-3-курстарынын студенттери мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам темасында жогорку окуу жайлар арасындагы квиз-оюнунда* II орунду ээлешти. Аталган оюнду Сорос Фонду, Кыргыз мамлекеттик юридикалык жардамы, Кыргыз Республикасында мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамды өнүктүргөн мамлекеттик эмес уюмдардын улуттук тармагы, “Адам, укук, эркиндик” коомдук фонду аттуу уюм-мекемелер уюштурушкан. Бул оюнда республикабыздын 15 жогорку окуу жайынын командалары катышкан. ЭАУнун студенттерин жогоруда аталган байгелүү орунду алышы менен куттуктайбыз жана мындан ары да жаңы ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз!

*Квиз (англ. Quiz) — онлайн-сурамжылоо, тест, суроо-жооптор сынагы..

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

53 View