ЭАУда МЕКТЕПТЕРДИН  БҮТҮРҮҮ КЛАССТАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНДӨРҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 20-21-22-апрель күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (Жалал-Абад ш., ЭАУ) мектептердин 9-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптик багыт берүү иштеринин алкагында Ачык эшиктер күндөрү өткөрүлдү. Айтылган иш-чаранын жүрүшүндө университетке Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Өзгөн райондорунун орто мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары, алардын класс жетекчилери келип кетишти. Мектептерден келген меймандарга университеттин жана анын Гуманитардык-экономикалык, Эл аралык Кыргыз-Түрк, Эл аралык медициналык колледждеринин бардык окуу имараттары, аудиториялары жана кабинеттери, борбордук китепканасы, материалдык-техникалык базасы, жатаканасы, студенттик шаарчасы, анын ичинде спорттук комплекси көрсөтүлүп, окуу маселелери боюнча бир катар маалыматтар, түшүндүрмөлөр берилди. ЭАУнун Ачык эшиктер күнү жылдагыдай мыкты деңгээлде өткөрүлдү!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

____________________________________________

 

В МНУ ДЛЯ УЧЕНИКОВ ВЫПУСКНИКОВ КЛАССОВ СРЕДНИХ ШКОЛ ПРОВЕЛИ ДНИ ОТКРЫТЫХ ДВЕРЕЙ

 

20-21-22 апреля сего года в Международном университете им. К.Ш. Токтомаматова (г. Жалал-Абад, МНУ) в рамках профориентационной работы для учеников выпускных классов средних школ провели Дни открытых дверей. В эти дни университет посетили ученики выпускных классов средних школ г. Жалал-Абад, Сузакского, Базар-Коргонского, Ноокенского и Узгенского районов. В ходе названного мероприятия гости ознакомились с учебными корпусами университета и его Гуманитарно-экономического, Международного Кыргызско-Турецкого и Международного медицинского колледжей, а также с аудиториями и кабинетами, центральной библиотекой, материально-технической базой, общежитием, студенческим городком и спортивным комплексом. Потенциальные абитуриенты получили полный пакет информации по вопросам обучения в МНУ. В целом Дни открытых дверей в МНУ прошли на должном уровне в подтверждение добрых традиций вуза!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

108 View