В МНУ НАЧАЛАСЬ СПАРТАКИАДА ПРОФЕССОРСКО-ПРЕПОДАВАТЕЛЬСКОГО СОСТАВА И СОТРУДНИКОВ

19 января сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) с торжественного открытия стартовала спартакиада профессорско-преподавательского состава и сотрудников. Названная спартакиада проводится по таким видам спорта, как волейбол, баскетбол, мини футбол, настольный теннис, шахматы, легкая атлетика, эстафета (как совокупность спортивных дисциплин), гиревой спорт (поднятие гири), перетягивание каната, тогуз коргоол (логическая настольная национальная игра). Спартакиада будет проводиться с 19 по 27 января. Организаторы спартакиады: ректорат, профсоюзный комитет, кафедра физической культуры и спорта. Проведение такой спартакиады стало доброй спортивной традицией МНУ, в ней участвует весь коллектив: от руководителей вуза и преподавателей кафедр до сотрудников отделов и работников хозяйственного отдела. В эти дни на спортивных площадках вуза весь коллектив МНУ, спартакиада – коллективный спортивный праздник, в конце которой к победе приходят здоровье, спорт и дружба. Как всегда, желаем преподавателям и сотрудникам МНУ успехов, здоровья и силы в пропаганде здорового образа жизни!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕР СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 19-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасы салтанаттуу ачылыш менен башталды. Аталган спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт, алар волейбол, баскетбол, кичи футбол, стол тенниси, чатыраш, жеңил атлетика, эстафета (спорт түрлөрүнүн жыйындысы катары), гирялык спорт (гиря көтөрүү), аркан тартышуу жана тогуз коргоол. Спартакиада 19-январдан 27-январга чейин өткөрүлөт. Спартакиаданын уюштуруучулары: ректорат, кесиптик кошуун комитети, дене тарбия жана спорт кафедрасы. Мындай спартакиадаларды өткөрүү ЭАУ үчүн салттуу иш-чаралардан болуп калган, бул спартакиадага жамааттын бардык мүчөлөрү катышат: жетекчилик жана кафедралардын окутуучулары, бөлүмдөр кызматкерлери жана чарба бөлүмүнүн жумушчулары. Бул күндөрү окуу жайдын бардык кызматкерлери спорт аянттарында болуп, шаңдуу спорт майрамын белгилешет, натыйжада ден соолук, спорт жана достук чогуу жеңишке ээ болушат. ЭАУнун окутуучуларына жана кызматкерлерине сергек жашоо ыңгайын үгүттөөдө ийгилик, ден соолук жана күч-кубат каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

121 View