В МНУ ОТМЕТИЛИ ВСЕМИРНЫЙ ДЕНЬ НАУКИ!

10 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось торжественное собрание в честь Всемирного дня науки. На торжественном собрании ректор МНУ, д.э.н., профессор, академик РАМ С.А. Омурзаков поздравил профессорско-преподавательский состав и сотрудников университета со Всемирным днем науки, вместе с поздравительной речью призвал сотрудников вуза активизировать научно-изыскательскую деятельность по целому ряду отраслей науки: экономике, юриспруденции, педагогике, филологии, техническим и естественным наукам и т.д. После ректора МНУ с отчетом о научной деятельности вуза выступил проректор по науке, международным связям и инновационно-образовательным технологиям, к.п.н., профессор, чл.корр. РАМ Т.Т. Омошев. Далее ректорат МНУ отметил соответствующими наградами ряд сотрудников вуза, внесшие весомый вклад в развитие науки, а также вручил аттестаты о присвоении ученых званий профессора и доцента МНУ. После официальной части Культурно-эстетический центр МНУ представил праздничную концертную программу. Поздравляем профессорско-преподавательский состав и сотрудников МНУ со Всемирным днем науки!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ


ЭАУда БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ!

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү. Аталган салтанаттуу жыйында ЭАУ ректору, э.и.д., профессор, РМА академиги С.А. Өмүрзаков университеттин профессор-окутуучулар курамын жана кызматкерлерин Бүткүл дүйнөлүк илим күнү менен куттуктап, илимдин экономика, юриспруденция, педагогика, филология, техникалык жана табигый илимдер сыяктуу ж.б. багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү активдештирүүгө чакырды. Андан кийин илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү боюнча проректор, п.и.к., проф., РМА мүчө-корр. Т.Т. Омошев окуу жайдын илимий ишмердиги боюнча жыйынтыктоочу маалымат берди. Мындан соң ЭАУ ректораты илимий багытта жигердүү иштеген кызматкерлерди тийиштүү сыйлыктар менен белгилеп, бир катар илимпоздорго ЭАУнун профессору жана доценти окумуштуулук наамдарын тастыктаган аттестаттарды берди. Расмий бөлүктөн кийин Маданий-эстетикалык борбор тарабынан майрамдык концерт тартууланды. ЭАУнун профессор-окутуучулар курамын жана кызматкерлерин Буткүл дүйнөлүк илим күнү менен куттуктайбыз!

Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

27 View