В МНУ отпраздновали восточнославянский праздник Масленицу!

4 марта сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось мероприятие «Широкая Масленица» в честь восточнославянского праздника Масленицы. На мероприятии была представлена развернутая концертная программа с русскими народными песнями и плясками, а также ряд фольклорных костюмированных постановок. Кроме этого, в фойе главного корпуса была организована ярмарка русских сладостей и блюд. А после праздничного концерта состоялись состязательные игры и торжественное сжигание чучела Масленицы, символизирующее прощание с зимой. В праздничном мероприятии приняли участие вице-мэр г. Жалал-Абад Г.К. Таштанбекова, консул Генерального консульства Российской Федерации в г. Ош К.В. Бахтин, атташе консульства А.И. Егерева, президент Жалал-Абадской областной ассоциации «Славянская диаспора» В.В. Малюженко и представителя ряда областных, городских организаций и учреждений, общественных объединений. Праздник удался, всем участникам и зрителям мероприятие очень понравилось, особенно студентам МНУ! Особая благодарность организаторам мероприятия: кафедре государственного и официального языков, кафедре педагогики и методики преподавания, Культурно-эстетическому центру МНУ, Жалал-Абадской областной ассоциации «Славянская диаспора», которые смогли устроить настоящее фольклорное шоу!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ
______________________________________

ЭАУда чыгыш славяндар майрамы Масленицаны майрамдашты!

Үстүбүздөгү жылдын 4-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ) чыгыш славяндар майрамы Масленицага арналган “Кенен Масленица” аталышында ири маданий иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын алкагында элдик орус ыр-бийлеринин жана бир катар фольклордук сахналаштыруулардын концерти тартууланды. Аны менен бирге, ЭАУнун башкы имаратынын фойесинде орус тамак-аштарынын жарманкеси өткөрүлдү. Концерттин соңунда бир катар жарыш оюндары өткөрүлүп, чыгыш славян салттарына ылайык Масленицаны туюнткан элес (каракчы) өрттөлдү. Аталган майрамдык иш-чарага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Г.К. Таштанбекова, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Генералдык консулдугунун консулу К.В. Бахтин, атташеси А.И. Егерева, Жалал-Абад областтык “Славян диаспорасы” ассоциациясынын президенти В.В. Малюженко, о.э. бир катар областтык жана шаардык уюм-мекемелердин, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты. Майрамдык иш-чара шаңдуу өтүп, бардык катышуучуларга жана көрүүчүлөргө абдан жакты, өзгөчө ЭАУ студенттерине! Иш-чаранын уюштуруучулары ЭАУнун мамлекеттик жана расмий тилдер, педагогика жана окутуу усулуяты кафедраларына, Маданий-эстетикалык борборуна, Жалал-Абад областтык “Славян диаспорасы” ассоциациясына терең ыраазычылык билдиребиз, алар чыныгы фольклордук шоу уюштура алышты!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

334 View