В МНУ провели КВН «Кырк чоро – Сорок витязей» в честь Дня защитника Отечества – 23 февраля!

22 февраля сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялся конкурс веселых и находчивых «Кырк чоро — Сорок витязей» в честь Дня защитника Отечества – 23 февраля. В названном КВНе участвовало 5 КВН-команд от институтов и колледжей МНУ: 1) команда Института непрерывного открытого образования «Тайманбас» (Смелый)», 2) команда Международного Кыргызско-Турецкого института «Анкара-Бишкек», 3) команда Гуманитарно-экономического колледжа «Динамит», 4) команда Международного Кыргызско-Турецкого колледжа «Торнадо», 5) команда Международного медицинского колледжа «Ак Шумкар (Белый кречет)». Конкурс начался с поздравительных выступлений учеников младших классов Кыргызско-Турецкого лицея МНУ. Все команды вышли на сцену с ярким и запоминающимся приветствием, затем виртуозно показали и исполнили домашнее задание, после чего представили шуточные пародии песен на тему армейской службы. Зрители, одновременно болельщики, активно поддерживали свои команды. В результате веселой, но яростной конкуренции победу одержала команда «Динамит».  Призеры и участники КВНа были награждены дипломами и денежными премиями ректората. Поздравляем всю мужскую половину МНУ с Днем защитника Отечества – 23 февраля!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

__________________________________________

ЭАУда 23-февраль — Мекен коргоочулар күнүнө карата “Кырк чоро” тамаша сынагы өткөрүлдү!

Үстүбүздөгү жылдын 22-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) чоң жыйындар залында 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Кырк чоро” аттуу тамашакөйлөр жана амалкөйлөр (КВН) сынагы өткөрүлдү. Аталган сынакка ЭАУнун институттарынан жана колледждеринен 5 команда катышты, алар: 1) Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунан “Тайманбас”; 2) Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунан “Анкара-Бишкек”; 3) Гуманитардык-экономикалык колледжден “Динамит”; 4) Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинен “Торнадо”; 5) Эл аралык медициналык институтунан “Ак Шумкар” командалары. Сынак ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин кенже класстарынын окуучуларынын куттуктоосунан башталды. Бардык командалар сахнага шаңдуу жана жаркын саламдашуулар, андан кийин чыгармачылык менен аткарылган үй тапшырмалары, соңунда аскердик ырларга тамашалуу пародиялар менен чыгышты. Көрүүчүлөр, ошол эле мезгилде күйөрмандар, өз командаларын кызуу колдоп, кол чаап турушту. Абдан шайыр, бирок айыгышкан атаандаштыкта, “Динамит” командасы жеңишке ээ болду. КВН сынагынын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ректораттын атайын дипломдору, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. ЭАУнун агайларын жана студент жигиттерин Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

118 View