ЭАУда ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫНА АРНАЛГАН АДАБИЙ КЕЧЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун туулган күнү 12-декабрга карата жана анын кыргыз адабиятындагы ишмердигине арналган “Аалам кезген Чыңгыз Айтматов” аталышында адабий кече өткөрүлдү. Адабий кече ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасынын кыргыз тили жана адабияты боюнча окутуучулары тарабынан даярдалып, кечеге аталган колледждин педагогикалык, филологиялык багыттагы адистиктери боюнча студенттери катышты. Аталган адабий кеченин алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча окуулар, сахналаштыруулар болуп, бир катар ыр-бийлер, видео көрсөтүүлөр тартууланды. ЭАУда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган атайын иш-чараларды өткөрүү окуу жайдын көптөн бери өткөрүлүп келген салтуу иш-чараларынан болуп калган. Бул иш-чара менен бирге университеттин Борбордук китепканасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалырынын бир апталык көргөзмөсү да өткөрүлдү. Жалпысынан аталган адабий кече жогорку деңгээлде өткөрүлүп, катышуучулардын купулуна толду.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


В МНУ ПРОВЕЛИ ЛИТЕРАТУРНЫЙ ВЕЧЕР, ПОСВЯЩЕННЫЙ ТВОРЧЕСТВУ ЧИНГИЗА АЙТМАТОВА

9 декабря сего года в большом актовом зале Международного университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) в канун дня рождения кыргызского народного писателя Чингиза Торекуловича Айтматова провели литературный вечер на тему «Пройденный Чингизом Айтматовым мир», посвященный его литературному творчеству. Названный литературный вечер был подготовлен преподавателями по кыргызскому языку и литературе кафедры общеобразовательных дисциплин Гуманитарно-экономического колледжа МНУ. В литературном вечере приняли участие студенты названного колледжа по педагогическим и филологическим специальностям. В рамках этого мероприятия прошли чтения произведений Чингиза Айтматова, сценические постановки по его произведениям, а также были представлены вокальные и хореографические номера, видео сюжеты. Проведение мероприятий, посвященных жизни и творчеству Чингиза Айтматова в МНУ уже давно стало доброй традицией вуза. Вместе с этим, в Центральной библиотеке МНУ была проведена недельная выставка произведений Чингиза Айтматова. В целом литературный вечер прошел на высоком организационном уровне и понравился всем участникам мероприятия.

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

51 View