ЭАУда СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА “БИЗ СПИДге КАРШЫБЫЗ!” АТТУУ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) чоң жыйындар залында СПИД* менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата атайын “Биз СПИДге каршыбыз!” аттуу иш-чара ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжи тарабынан өткөрүлдү.  Айтылган иш-чарага ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжинин 250 студенти катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жугуштуу СПИД илдетинин адамзаттын саламаттыгына залакасы, сергек жашоо ыңгайы тууралуу баяндамалар берилип, тема боюнча бир катар сахналаштыруулар, видео тасмалар көрсөтүлүп, о.э. дубал гезиттеринин жана дил баяндардын сынактары жыйынтыкталды. Катышуучулар  аталган иш-чара абдан кызыктуу жана мазмундуу болгонун белгилешти. Иш-чарага профессор-окутуучулар курамынан, студенттерден сырткары тийиштүү областтык жана шаардык уюм-мекемелердин жетекчилери, кызматкерлери чакырылган. ЭАУда СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата атайын иш-чараларды өткөрүү салт болуп, жыл сайын ушул мезгилде өткөрүлө турганын баса белгилеп кетели. Кайсы бир күнү адамзат ушул илдеттен кутулат келет деген ишеничте бололу!

*СПИД — кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы


В МНУ ПРОВЕЛИ МЕРОПРИЯТИЕ НА ТЕМУ “МЫ ПРОТИВ СПИДа!” В ЧЕСТЬ ВСЕМИРНОГО ДНЯ БОРЬБЫ СО СПИДОМ

1 декабря сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) провели мероприятие на тему “Мы против СПИДа!” в честь Всемирного дня борьбы со СПИДом*. В названном мероприятии приняли участие 250 студентов. В ходе мероприятия были представлены доклады об угрозах СПИДа, доклады на тему здорового образа жизни, представлены тематические инсценировки, видеоролики, а также подведены итоги конкурсов стенгазет и сочинений по теме мероприятия. В этом мероприятии, кроме профессорско-преподавательского состава и студентов вуза, приняли участие и руководители, сотрудники соответствующих областных, городских учреждений и организаций. По высказываниям участников мероприятие было очень интересным и содержательным в плане своей тематики. Хотим отметить, что проведение таких мероприятий в честь Всемирного дня борьбы со СПИДом в МНУ стали традицией и проводятся ежегодно. Мы уверены, что в один прекрасный день человечество победит эту болезнь!

*СПИД — синдром приобретённого иммунного дефицита 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

60 View