Биздин Окутуучулар
Үзгүлтүксүз Ачык Билим Берүү Институту
Жогорку квалификациядагы адистерди окутуу жана даярдоо сапатын артыруу, иннова-циялык технологияларды кеңири колдонуу, кредиттик технологияны киргизүү менен автоматташтырылган тутумдарга өтүү максатында Экономика жана ишкердик университетинин курамында Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институту (ҮАББИ) 2015-жылдын 12-февралында ректордун №33-буйругунун негизинде түзүлгөн. Директордук милдетке э.и.д., профессор Омрурзаков С.А. дайындалган.
Институттун карамагына Каттоо кеңсеси өткөрүлүп, кеңсе башчысына э.и.к., профессор Н.А.Ормонов дайындалып жана институттун директорунун орун басары макамы ыйгарылган. Кеңсенин иш кагаздарынын жүргүзүлүшүнүн ыкчамдатуу үчүн персоналдык компьютерлер оператору кошумча штаты ачылып Б.К. Адамов дайындалган о.э. каттоо кеңсесинин офис менеджерлери А. Молдобаева, З. Маматайсаева, Э. Кокуева институттун иш кагаздарын алып барат. Институттун карамагында үзгүл-түксүз билим берүү, сырттан окуу бөлүмдөрүн «Каржы жана статистика», «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл», «Экономика, менеджмент, жана укук» жана «Философия жана жалпы билим берүү сабактары» кафедралары телейт. Кафедраларды илимдин доктор-лору, кандидаттары, профессор, доценттер жана тажрыйбалуу мугалим-практиктер эмгектенишет.
Кафедралар