Вс. Фев 5th, 2023

М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университети менен кызматташуу

 

Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында ЭАУга М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Юлбаев Радик Зинатович иш сапары менен келди . 2021-жылдан бери М.Акмулла атындагы Башкырт мамлекеттик педагогикалык университети Кыргыз Республикасында орус тилин колдоо жаатындагы долбоордук иш-чараларды колдоо боюнча флагмандык университет болуп саналат. Россия Федерациясынын Билим берүү министрлигинин мамлекеттик буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасында билим берүүнү камсыз кылган тогуз биргелешкен кыргыз-орус жалпы билим берүү уюмунун ишин камсыз кылуу максатында Россиянын жалпы билим берүүсүнүн алдыңкы тажрыйбасын Кыргыз Республикасында жайылтуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Сапардын жүрүшүндө ЭАУнун жетекчилиги менен жолугушуу болуп, анда профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары, биргелешкен программалар жана долбоорлор боюнча бир катар маселелер талкууланды. Андан сырткары, программа боюнча ЭАУнун чоң жыйындар залында студенттер менен жолугушуу болду. Окууну аяктагандан кийин, ЭАУнун студенттери Башкырт мамлекеттик педагогикалык университетинин мамлекет каржылаган магистратурага жана аспирантурага тапшыра алышат.

 

Эл аралык байланыштар бөлүмү

________________________________________

 

Сотрудничество с БГПУ им.М.Акмуллы

 

20 декабря сего года МНУ посетил Начальник Управления международных связей Башкирского государственного педагогического университета им.М.Акмуллы Радик Зинатович Юлбаев. Башкирский государственный педагогический университет имени М.Акмуллы с 2021 года является опорным вузом по сопровождению проектной деятельности в сфере поддержки русского языка в Кыргызской Республике. По госзаданию Минпросвещения РФ ведёт работу по распространению лучших практик российского общего образования в КР в целях обеспечения функционирования девяти совместных кыргызско-российских общеобразовательных организаций, осуществляющих обучение на русском языке. В ходе визита была проведена встреча с руководством МНУ, где были обсуждены ряд вопросов относительно программ академической мобильности ППС и студентов, совместных программах и проектах. Далее по программе в БАЗе состоялась встреча со студентами. Студенты МНУ по окончании могут поступить на бюджетные места магистратуры и аспирантуры БГПУ.

 

Отдел международных связей

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *