ЭАУнун Инновациялык Агро борбору жана анын кадырлуу меймандары жөнүндө
Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков келип, окуу жайга караштуу Инновациялык Агро борбордун иши менен таанышты. Инновациялык Агро борбор студенттерди жана ишкерлерди бириктирген Enactus-Кыргызстан уюмунун “Жаш табышкер” долбоору алкагында ачылган. Бул долбоор Европа Биримдигинин демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасы тарабынан каржыланат. Айтылган долбоордун алкагында “Айыл чарбасындагы инновациялык чечимдер”, “Жаш фермерлер” ж.у.с. багыттардагы жаштардын ишкердик аракеттери колдоого алынат. Айыл чарба министри борбордун иши менен таанышууда демилгелүү студент жаштар, жаш ишкерлер менен жолугуп, жаштар арасында айыл чарба багытында ишкердикти өнүктүрүү маселелери боюнча аңгемелешүү өткөрдү. Жолугушуу жаштардын ишкердик аракеттерин илгерилетүү маселесинде абдан кызыктуу жана мазмундуу болду. Белгилей кетчү нерсе, ЭАУ көп жылдардан бери Enactus-Кыргызстан уюму менен бир катар программалар алкагында ийгиликтүү кызматташып келет.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы
Об Инновационном Агро центре МНУ и его VIP-гостях
2 марта сего года Международный университет имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) посетил министр сельского хозяйства Аскарбек Джаныбеков. Цель визита: ознакомление с работой Инновационного Агро центра МНУ. Инновационный Агро центр МНУ был создан в рамках проекта «Жаш табышкер» организации Enactus-Кыргызстан, объединяющая студентов и предпринимателей. Проект финансируется Программой Европейского Союза по развитию демократии и защите прав человека. В рамках этого проекта предусматривается грантовая поддержка молодежных стартапов по направлениям «Инновационные решения в сельском хозяйстве», «Молодые фермеры» и т.д. Министр сельского хозяйства ознакомился с работой названного центра, побеседовал с инициативной студенческой молодежью, молодыми предпринимателями на тему предпринимательских стартапов. Встреча была очень интересной и полезной в плане продвижения молодежных предпринимательских инициатив. Стоит отметить, что МНУ уже много лет успешно сотрудничает с организацией Enactus-Кыргызстан в рамках ряда программ.
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ