ЭАУда Улуттук адабият күнүнө жана Кыргызстандын элдик жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Улуттук адабият күнүнө жана Кыргыз Республикасынын элдик жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып “Кыргыз адабиятынын залкар чыгармалары, акындары жана жазуучулары” аттуу массалык маданий иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын алкагында кыргыз дастандары, белгилүү адабий чыгармалары боюнча сахналаштыруулар болуп, адабий окуулар өткөрүлүп, кино тасмалар жана фото-видео слайддар көрсөтүлдү, о.э. улуттук ыр-бийлер аткарылды. Иш-чараны университеттин мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы (башчысы фил.и.к., доц. Д.И. Алтаева) уюштуруп, маданий-эстетикалык борбору (директору М.А. Гайымов) көркөмдөп берди. Аталган маданий иш-чараны уюштурууга негизинен филологиялык жана педагогикалык багыттарда билим алган студенттер тартылды. Иш-чаранын уюштуруу деңгээли абдан жогору болуп, бардыгы кызыктуу болду.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

___________________________________

 

В МНУ провели мероприятие в честь Дня национальной литературы и Дня рождения народного писателя Кыргызстана Чингиза Айтматова

 

12 декабря этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) провели массовое культурное мероприятие на тему “Великие произведения, поэты и писатели кыргызской литературы” в честь Дня национальной литературы и дня рождения народного писателя Кыргызской Республики Чингиза Айтматова. Согласно программе были представлены инсценировки из кыргызских эпосов, инсценировки известных произведений кыргызской литературы, заслушаны чтения стихов и отрывков различных произведений, показаны отрывки из экранизаций национальной литературы, показаны тематические фото-видео слайды, исполнены национальные танцы и песни. Мероприятие было организовано кафедрой государственного и официального языков (заведующая кафедрой к.фил.н., доц. Д.И. Алтаева), культурно-эстетическим центром вуза (директор М.А. Гайымов) К реализации программы были привлечены студенты филологического и педагогического направлений. В целом мероприятие было организовано на высоком художественном уровне, все было очень интересным.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *