“БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ НАТЫЙЖАЛУУ МЕНЕДЖМЕНТ” АТТУУ СЕМИНАР ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 25-26 апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад областынын директорлору, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилиги үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” аттуу семинардын секциялык отурумдарын өткөрүүдө. Пленардык бөлүгү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинде өткөрүлөт. Аталган семинардын сааттар көлөмү: 72 саат. Семинар алкагында каралуучу темалар: “Натыйжалуу башкарууга өбөлгө түзгөн мектеп директорунун негизги сапаттары”, “Жалпы билим берүү мекемелеринин менеджментин өнүктүрүүнүн ыкмалары, усулдары, каражаттары”, “Эл аралык PISA программасына жана “Билим” улуттук программасына даярдануу”, “Мектепке инвестицияларды тартуу үчүн долбоорду кантип даярдоо керек” ж.у.с. Аталган темадагы семинар мектеп директорлору үчүн абдан пайдалуу жана мазмундуу болмокчу.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы
___________________
О СЕМИНАРЕ НА ТЕМУ «ЭФФЕКТИВНЫЙ МЕНЕДЖМЕНТ В СФЕРЕ ОБРАЗОВАНИЯ»
В Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) 25-26 апреля этого года Министерство образования и науки Кыргызской Республики проводит секционные занятия семинара на тему “Эффективный менеджмент в сфере образования” для всех директоров, руководства районных и городских отделов образования Жалал-Абадской области. Пленарная часть состоится в Жалал-Абадском государственном университете имени Б. Осмонова. Объем часов названного семинара: 72 часа. В рамках семинара будут рассмотрены такие темы, как “Основные качества директоров школ, создающие предпосылки для эффективного управления”, “Способы, методы и средства развития менеджмента в общеобразовательных учреждениях”, “Подготовка к международной программе PISA и к национальной программе “Билим” (“Образование”)”, “Как подготовить проекты для привлечения инвестиций в школу” и др. Этот семинар вызвал большой интерес у директоров школ, а также обещает быть очень полезным и содержательным в профессиональном плане.
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ