ЭАУда жаңы окуу жылы башталды!

 

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Билим күнүнө жана жаңы 2023-2024-окуу жылына арналган салтанаттуу чогулуш өткөрүлдү. Салтанат Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, университеттин ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөевна Кантөрөева жана профессор-окутуучулар курамы студенттерди Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга билим алууда ийгиликтерди каалашты. Салтанатка ЭАУнун Үзгүлтүсүз билим берүү институтунун, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, Гуманитардык-экономикалык колледжинин, Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин жана Эл аралык медициналык колледжинин студенттери катышты. ЭАУнун бардык студенттерине жаңы окуу жылында ийгиликтерди каалайбыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

________________________________

 

В МНУ НАЧАЛСЯ НОВЫЙ УЧЕБНЫЙ ГОД!

 

1 сентября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) провели торжественное собрание в честь Дня знаний и начала нового 2023-2024 учебного года. На открытии торжественного собрания прозвучал гимн Кыргызской Республики, после чего ректор университета, д.э.н., профессор Айжамал Кантороевна Кантороева и профессорско-преподавательский состав поздравили студентов с началом нового учебного года, а также пожелали им успехов в учебе. В торжестве приняли участие студенты Института непрерывного открытого образования, Международного Кыргызско-Турецкого института, Гуманитарно-экономического колледжа, Международного Кыргызско-Турецкого колледжа и Международного медицинского колледжа МНУ. Желаем всем студентам МНУ успехов в новом учебном году!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

 

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *