ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинде “Кош бол, алиппе!” майрамы өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында окуу жайга караштуу Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин 1-класстардагы окуучулары үчүн “Кош бол, алиппе!”аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө лицейдин дирекциясы, башталгыч класстарынын мугалимдери, 1-класстардын окуучулары тарабынан даярдалган майрамдык концерт сунушталып, жетекчилик, мугалимдер жана ата-энелер тарабынан куттуктоолор айтылып, кенжетайларга сабаты ачылгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилди. Жалпысынан бардыгы кызыктуу, шаңдуу, эсте калгыдай болду!. ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин 1-класстардагы окуучуларын “Кош бол, алиппе!” майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана кийинки окууларында ийгилик каалайбыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

________________

 

В КЫРГЫЗСКО-ТУРЕЦКОМ ЛИЦЕЕ МНУ СОСТОЯЛСЯ ПРАЗДНИК «ПРОЩАЙ, АЗБУКА!»

 

28 апреля сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось праздничное мероприятие «Прощай, азбука!» для учеников 1-х классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея при МНУ. В ходе мероприятия был представлен праздничный концерт, подготовленный дирекцией, учителями и учениками 1-х классов лицея, а также прозвучали поздравительные речи руководства учебного заведения, учителей и родителей учеников, вручены сертификаты начальной грамотности. В целом школьный праздник «Прощай, азбука!» прошел красиво и весело! От всей души поздравляем первоклассников Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ и желаем им успехов в дальнейшей учебе!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *