ОБ ОЧЕРЕДНОМ СПОРТИВНОМ УСПЕХЕ СТУДЕНТКИ ГУМАНИТАРНО-ЭКОНОМИЧЕСКОГО КОЛЛЕДЖА МНУ АКИБАЕВОЙ АРУУКЕ!

24-26 февраля 2023 года в столице Казахстана Астане был проведен международный турнир по борьбе на поясах в честь заслуженного тренера спорта Республики Казахстан Рафика Валиева. В весовой категории 57 кг среди кадеток III место заняла и была награждена бронзовой медалью студентка I курса по специальности «Дошкольное образование» Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Акибаева Арууке. Стоит упомянуть, что Арууке уже до этого занимала призовые места в республиканских и других соревнованиях по борьбе на поясах, в том числе она в мае 2022 года заняла III место в Чемпионате мира по борьбе на поясах в весовой категории 52 кг среди кадеток (Узбекистан, г. Коканд). Поздравляем нашу студентку Арууке с очередным успехом и наградой, желаем ей новых высоких спортивных побед!

Служба по профориентиационной работе и связям с общественностью МНУ
_______

ЭАУнун ГУМАНИТАРДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТИ АКИБАЕВА АРУУКЕНИН ДАГЫ БИР СПОРТТУК ИЙГИЛИГИ ЖӨНҮНДӨ!

2023-жылдын 24-26-февралында Казакстандын борбору Астана шаарында Казакстан Республикасынын спортко эмгек сиңирген машыктыруучусу Рафик Валиевдин урматына алыш күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлгөн. Аталган мелдеште К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Мектепке чейинки билим берүү” адистиги боюнча I курсунун студенти Акибаева Арууке өспүрүмдөр арасында 57 кг салмагында III орунга жетишип, коло медаль менен сыйланды. Эске салсак. Арууке буга чейин бир катар республикалык жана эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга жетишип келген, мисалы: 2022-жылдын май айында (Өзбекстан, Кокон ш.) алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта өспүрүмдөр арасында 52 кг салмагында III орунга жетишкен. Студентибиз Аруукени кезектеги спорттук ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана спорт жаатында албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

 

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *