В МНУ НАЧАЛАСЬ ОСЕННЯЯ СТУДЕНЧЕСКАЯ СПАРТАКИАДА!
17 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось торжественное открытие осенней студенческой спартакиады, которая будет проводится по 21 октября. Цель названной спартакиады: пропаганда здорового образа жизни среди студенческой молодежи через спорт, создание и укрепление спортивных команд вуза для участия в республиканских универсиадах, спартакиадах. Спартакиада будет проводится по следующим видам спорта: волейбол, баскетбол, стритбол, мини футбол, настольный теннис, шахматы, тогуз коргоол (национальная настольная интеллектуальная игра на доске), легкая атлетика, перетягивание каната. На торжественном открытии проректор по воспитательной работе Анвар Жолдошбаев и директора институтов, колледжей МНУ пожелали всем участникам успехов, хорошей командной игры. Такие студенческие спартакиады уже стали доброй традицией вуза, заложенные еще в 1993 году его основателем и первым ректором, д.э.н., проф. К.Ш. Токтомаматовым. Победителей спартакиады ожидают хорошие призы. Пожелаем нашим молодым спортсменам высоких спортивных побед!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ
__________________________________________
ЭАУда КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ!
Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) салтанаттуу түрдө күзгү студенттик спартакиаданын ачылышы болду. Бул спартакиада 21-октябрга чейин өткөрүлөт. Спартакиаданын максаты: спорт аркылуу студент жаштар арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу, республикалык деңгээлде спартакиадаларга жана универсиадаларга окуу жайдын командаларын даярдоо. Спатакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт, алар: волейбол, баскетбол, стритбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, тогуз коргоол, жеңил атлетика, аркан тартышуу. Спартакиаданын ачылышына арналган салтанаттуу чогулушта тарбия иштери боюнча проректор Анвар Жолдошбаев, ЭАУнун институттарынын жана колледждеринин директорлору спортсмен студенттерибизге албан-албан спорттук ийгиликтерди жана аларга жетишүүдө командалык ынтымактагы оюндарды каалап кетишти. Мындай спартакиадалардын өткөрүлүшү бул окуу жайдын жакшы салттарынан болуп калган, ал салттарды 1993-жылдан бери университеттин туңгуч ректору, э.и.д., проф. К.Ш. Токтомаматов негиздеп кеткен. Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө жакшы сыйлыктар берилет. Биздин спортсмен улан-кыздарыбызга мыкты спорттук ийгиликтерди каалайбыз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча кызматы