ГЭКтин тарыхы
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин алдындагы Гуманитардык-экономикалык колледж университеттин ректорунун 2004-жылдын 5-апрелиндеги № 15 буйругунун негизинде түзүлгөн. Түзүлгөндөгү негизги максаты: региондогу кадрларга бол-гон суроо-талаптарды канааттандыруу максатында атайын орто кесиптик билими бар кадрларды даярдоо.
Бүгүнкү күндө К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжи билим берүү чөйрөсүндө алгачкы кадамын таштаганына 17 жылдын жүзү болду! Биздин окуу жай түзүлгөндөн бери Жалал-Абад шаарындагы кесиптик орто билим берүүчү окуу жайлардын алдыңкы катарында болуп келе жаткандыгы чындык.
Түзүлгөндөн бери Гуманитардык-экономикалык колледжди А.А.Хамрабаев, Б.А.Бакиева, Н.А.Абылов сыяктуу чыгаан инсандар башкарып келген болсо, бүгүнкү күндө ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү болгон директорлук кызматта экономика илимдеринин кандидаты, доцент Калбек Абдисеитович Раймкулов үзүрлүү эмгектенип келүүдө.
17 жыл аралыгында 3000 ашуун студент бүтүрүп, алардын эмгектенген жерлеринен жалаң оң жактуу пикирлерди угуу – бул биздин профессордук-окутуучулар курамынын үзүрлүү эмгектеринин натыйжасы десек жаңылышпайбыз!
Алгачкы түзүлгөн жылдары Гуманитардык-экономикалык колледж 7 адистикти даярдап келген болсо, бүгүнкү күндө адистиктердин саны 15 ке жетти. Булар:
- Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)” адистиги. Квалификациясы: Бухгалтер
- “Финансы (тармактар боюнча)” адистиги. Квалификациясы: Финансист
- “ “Салык жана салык салуу” адистиги. Квалификациясы: Салык кызматынын адиси
- “Банк иши” адистиги. Квалификациясы: Банк ишинин адиси
- “Менеджмент (тармактар боюнча)” адистиги. Квалификациясы: Менеджер
- “Социалдык иш” адистиги. Квалификациясы: Социалдык кызматкер
- “Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу” адистиги. Квалификациясы: Юрист
- “Укук таануу” адистиги. Квалификациясы: Юрист
- Башталгыч класстарда окутуу адистиги. Квалификациясы: Башталгыч класстар мугалими.
- Мектепке чейинки билим берүү адистиги. Квалификациясы: Мектепке чейинки жаштагы балдар тарбиячысы.
- “Дене тарбия” адистиги. Квалификациясы: Дене тарбия мугалими
- “Маалыматтарды иштетүүнүн автоматташтырылган тутумдары жана башкаруу ” адистиги. Квалификациясы: Техник-дизайнер
- “Тигилүүчү буюмдарды моделдөө, конструкциялоо жана технологиясы” адистиги. Квалификациясы: Модельер-конструктор
- “Котормо иши” адистиги. Квалификациясы: Котормочу
- “Чет тили” адистиги. Квалификациясы: Башталгыч класстардын чет тили мугалими
Адистерди даярдоо Гуманитардык экономикалык колледждин курамындагы кафедраларга жүктөлгөн. Булар бүтүрүүчү кафедралар : Эсеп-каржы сабактары кафедрасы, Педагогика жана окутуунун усулу кафедрасы, Математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык-технологиялык сабактар кафедрасы, Юриспруденция кафедрасы, Чет тили, котормонун теориясы жана практикасы кафедрасы, Дене тарбия жана спорт кафедрасы. Тейлөөчү кафедралар: Жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасы, Философия жана табигый илимдер кафедрасы, Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы.
“К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университет окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин” Гуманитардык-экономикалык колледжинин негизги максаты:Компетенттүү мамиле аркылуу билим берүүнүн заманбап принциптерин жана технологияларын колдонуу менен эмгек рыногунун талаптарына жооп берген орто кесиптик билимдүү адистерди сапаттуу даярдоо.
Основной задачей Гуманитарно-экономического колледжа “Учебно-научно-производственного комплекса Международный университет имени К.Ш.Токтомаматова” является качественная подготовка востребованных на рынке труда специалистов со средним профессиональным образованием, на основе компетентностного подхода с применением современных принципов и технологии обучения.
Mission of the Humanitarian-Economical College “Educational-Scientific Production Complex International University after named Kantoro Sharipovich Toktomamatov” prepares demanding specialists at the market labor with the secondary professional education based on competent approach using modern principles and learning technologies.
Окуу-тарбия ишмердиги
Гуманитардык-экономикалык колледж өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын, билим берүү боюнча түрдүү нормативдик актылардын, университеттин Уставынын жана Гуманитардык-экономикалык колледж жөнүндөгү жобонун негизинде иш алып барат. Билим берүү тармагында өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик орто билим берүү жөнүндөгү LC 140000356 лицензиясынын негизинде жүргүзөт. Окутуу күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө алып барылат. Бүгүнкү күндө колледжде 1800 ге жакын студенттер билим алышат. Аларга тажрыйбасы чоң илимдин кандидаттары, профессорлор жана доценттерден турган 120 га жакын профессордук-окутуучулук курамы билим жана тарбия беришүүдө.
Гуманитардык-экономикалык колледжде окутуу программалары билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарына ылайык даярдалган.
Өз ишмердүүлүгүн баштагандан ушул күнгө чейинки аралыкта Гуманитардык-экономикалык колледж эл арасында жакшы окуу жайы аталып, оң тараптуу сын пикирлерге ээ болуп келет.
К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин ураанында “Сапаттуу билим – келечекке айкын жол” деп айтылгандай, Гуманитардык-экономикалык колледжде да эң негизги басым сапаттуу билим берүүгө багытталган. Бул багытта окутуучулар курамы тарабынан адистиктерди окутуу боюнча мамлекеттик стандарттардын талабына ылайык окуу программалары, колдонмо-усулдук материалдар даярдалган. Студенттерге окуу үчүн түрдүү шарттар түзүлгөн. Кеңири, таза жарык аудиториялар, лекциялык залдар, спорт залы жана аянтчасы, ашкана жана буфеттер студенттердин кызматында. Интернетке уланган жана заманбап компьютердик техникалар менен жабдылган компьютердик класстар уюштурулган. Жетишээрлик сандагы окуу китептери менен камсыздалган өзүнчө библиотека жана окуу залы бар. Жатаканада студенттердин жашоосуна зарыл бардык шарттар жаратылган.
Бүгүнкү күндө колледжде алгылыктуу, мактоого татыктуу көптөгөн окуу жана тарбиялык иштер аткарылып келинет. Колледждин окутуучулары жана студенттери окуу процессинен сырткары университеттин эле эмес, шаардын, кала берсе республиканын деңгээлинде өтүп жаткан иш-чараларга катышып келишет.
ГЭКтин кафедралары
Булар бүтүүрүчү кафедралар :
Эсеп-каржы сабактары кафедрасы
Педагогика жана окутуунун усулу кафедрасы
Математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык-технологиялык сабактар кафедрасы
Юриспруденция кафедрасы
Чет тили, котормонун теориясы жана практикасы кафедрасы
Тейлөөчү кафедралар:
Жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасы
Философия жана табигый илимдер кафедрасы
Мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы
Дене тарбия жана спорт кафедрасы